“Коңшу мамлекеттер менен болгон маселеге өтө этият мамиле кылышыбыз керек” деген оюн президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-декабрда массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн уюштурган маалымат жыйынында билдирди.
Журналисттин “Кытайда казак, уйгур, кыргыздардын камалып жатышы тууралу маалыматтар таркап жатат, коңшу өлкөлөр дагы бул маселе боюнча реакция жасашты. Бирок бизде алиге чейин эч кандай реакция боло элек. Эмне үчүн?” деген суроосуна президент “бул маселеге өтө этият мамиле кылышыбыз керек. Бизде деле кытайлардын 10 жараны соттолуп, 5 жараны тергөөдө жатат. Ал жактагы кыргыздар кытай мамлекетинин жараны. Алар Кытай мамлекетинин мыйзамдары боюнча жашашат. Алардын ички иштерине кантип кирише алабыз? Кыргыздарды камап койду деп көчөгө чыгайынбы? Эгер ошондон жардам болсо мен көчөгө деле чыкмакмын. Кечээ, 1 кыргызды кытай бийлиги абактан бошотконун жарыялашты. Албетте, бул иш боюнча мамлекеттик деңгээлде дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз” – деди президент.
Учурда президент Сооронбай Жээнбеков журналисттерди кызыктырган суроолорго жооп берип жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ