Menu

Айтматовдун айкелинен пайда тапкысы келген ким?

Бөлүшүү:

Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн бири Руслан Эшимов деген ишкердин туура эмес иши ачыкка чыгып, коомчулукта талкууга алынууда. Эшимов деген кайдан чыккан эргул деп иликтеп көрсөк, ал деле бир жеке кызычылык менен алектенип келгендердин бири окшобойбу. Себеби, анын чатагы болгондо да Чыңгыз Айтматовдун айкелине байланыштуу экен. Ал элдин демилгеси менен элден акча чогултуп 4 жыл мурун Ростов-на-Дону шаарында Айтматовдун айкелин жасаткан экен. Бирок сапаты талапка жооп бербей калганданбы, айтор ал айкел аталган шаарга коюлбай калыптыр. Комиссия да ал айкелди жараксыз деп тапкан. Бирок “эбин тапкан эки жейт болуп” ишкер Руслан Эшимов деген Айтматовдун ошол жараксыз айкелин Таластагы “Чыңгыз Ордо” комплексине 2 млн. 600 миң сомго сатып жиберген экен. Акчаны Эшимовго Таластын курулуш башкармалыгы бериптир. Мына кызык. Элдин акчасына жасалган акчаны Эшимовдун сатканга кандай акысы бар? Бул маселе боюнча убагында ЖК депутаты Рыскелди Момбековдун иш бөлмөсүндө кеңешме да болуптур.  Эмне үчүн бул маселеге чекит коюп, талапка ылайык чечип койбойт. Ал эми Орусияда иштеп тапкан каражаттарынан бул акчага салым кошкон мекендештерибиз эле эмес, бул окуянын чоо-жайын уккандардын баары эле Руслан Эшимовдун мындай аракетин катуу сынга алып, аны жоопко тартууну талап кылып жатышат. Айрым маалыматтар боюнча бул мыйзамсыз иш боюнча кылмыш иши козголгону айтылууда. Эмнеси болсо да, кандай болгон күндө да, Айтматовдун айкелинен пайда тапкысы келгендер сөз жок жоопко тартылышы кажет!

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − 82 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: