Menu

Зарылбек Рысалиев, ЖК депутаты: “Бабановду актоо – бул акылга сыйбаган иш!”

Бөлүшүү:

—Зарылбек мырза, Транспорт министринин орун басары Азимкан Жусубалиевдин 520 миң доллар пара алуу ишине дагы кимдердин тиешеси бар деп ойлойсуз?

—Жалгыз албасы кимге да болсо белгилүү да. Бирок баланча болуп чогуу алышты деп так кесе айтуу кыйын. Ошондой болсо да, шек бар. Калганы тергөөдө ачыкка чыгат. Мына мен да министр болуп иштегем. Орун басарың бир чоң ишти бүтүрүш үчүн, сага он жолу кирип чыгат. Жусубалиев деген неме деле “шефине” далай ирет кирип чыгып, иштин-чоо жайын айтып, иштеп келген да. Ал эми Жамшитбек Калиловдун кызматтан кетпей, укмуш актанып жатканы көпчүлүктүн кыжырына тийип туруп алганда, акыры президенттен тил угуп, анан ээрден шыпырылды. Анын “Мен алган жокмун, угуп алып шок болдум” – дегендерине ким ишенет? Уяты болсо орун басары кармалар замат кызматтан кетиши керек эле. Керек болсо ал акчаны бир нече адамга эчак эле бөлүштүрүп коюшкан. Ар бир эле адам Калиловду дароо кызматтан албай эркелетип, актанып койгондо: “Премьерден тышкары башкалар менен да бөлүшүп жаткан го ”- деген ойдо болду. Мен да ошентип ойлодум.. Негизи эле, Транспорт министрлиги, алардын жол салуу иштери коррупцияга укмуш малынып калган да. Мына жакында биз Таласта Суусамыр – Тараз – Талас жолун курган түрктөрдүн “Чакыр-Япы” компаниясынын миллион долларды сол чөнтөккө солоп койгонун ачыктабадыкпы. Алардын ишин жерине барып текшерип, жасалбаган ишке жасалды деп акча жасашканын далилдедик. Мындан башка 16 миллион сомду салыктан жашырып коюшкан экен. Азыр бул коррупциялык ишти УКМК иликтеп жатат. Андан тышкары, ушул эле компания Баткен -Исфанада жол салышкаң экен. Ал жакка да баралы деп турабыз. Бизге жеткен маалымат боюнча 3 миллион доллар каражатты сол чөнтөккө солошкон экен. Аны да тыкыр иликтөөгө алабыз.

-Бабановду актоо аракети катуу жүрүп жатат. Бул боюнча эмне айтасыз?

—Бул эми акылга сыйбаган иш болуп турат. Эптеп эле саясатка такап, Бабановду актап алалы деп жатышат. Ошол эле Казакбаев, Бабанов, Бокоев дегендер мыйзамды жакшы эле билишет. Бирок билип туруп, Бабановдун маселесине келгенде баарын каратып туруп тебелегенден кайра тартпай турушат. Сот реформасын кыйратабыз деп жатабыз. Сот реформасын ушинтип кылмышка шектелгендерди бир, эки кишинин айткандары менен актап ишке ашырабызбы? Анда, мыйзам кайда калат? Атамбаев минтип айтты деп анын сөзүн бетине кармап жатышат? Эми Атамбаев сот эмес да. Бабановду калкалагандар: “Бабанов Атамбаев менен Жээнбеков сөз бергени үчүн мандатын тапшырып, саясаттан кетти”- деп айтып жатышат. Бул туура эмес. Мен тактап көрдүм. Бабанов саясаттан кеткенин шайлоо бүткөнүнө 3 ай болгондо, тактап айтканда 2017-жылдын 30-декабрында жар салган. Мандатын болсо быйыл 19-январда (шайлоо бүткөнүнө 3 ай 4 күн болгондо) тапшырды. Ал эми ага кылмыш иши 2017-жылдын 4-октябрында мурунку Башкы прокурор Жолдубаева тарабынан козголуп жатат. Ал кезде, Сооронбай Шарипович ант бере элек болчу. Анан бүгүн не деп эле элдин башын айлантып жатышат. Эл дагы мунун баарын жакшы билет. Азыр келесоо адам жок. Андыктан сөз сүйлөгөндө да акылга сыя тургандай кылып абайлап сүйлөө керек.

—Абылгазиевдин аракеттерине кандай баа бересиз?

—Иштей албай сындан башы чыкпай жатканын көрүп жатпайбызбы. Мен президенттик шайлоодо Сооронбай Шариповичке иштедим. Президент болгондон кийин Абылгазиевди “адамдын асылы, укмуш”-деп мактап алып келди. Башкасын айтпай эле коёлу. Кана эми, үмүттү актадыбы? Кайсы тармакта өсүш болуп жатат? Эмнебиз гүлдөдү? Бүгүн Атамбаев маалымат согушу менен ажо менен премьерге тең келип албадыбы. Же жалганбы? Эл азыр теңме-тең болуп эки тарапка ишенип калды. Элдин ишеними бийликке кетип жатат. Бирок ошол эле учурда обу жок мактап, оозуна ээ боло албагандар да аз эмес. Кошоматчы эл экенбиз. Жакшыбызды оңой менен көрө албайт экенбиз. Бийликтегилер элибиздин ушундай сапатынан болушунча пайдаланып, жыргап жатышат. Шайлоо өткөрсөк, укмуш таза өткөрдүк деп бүт дүйнөгө жар салабыз. Митинг кылсак, баарын талкалап салгандан кайра тартпайбыз. Аң-сезимибиз да чөгүп кетти. Мына кечээ Арменияда 500 миң адам айлап митинг кылып, бийликти алмаштырды. Бирок мамлекеттик мекемелерди талкалаган жок. Өздөрүнүн акыр-чикирин өздөрү тазалап турушту. Бизде 10 миң киши митингге, же майрамга чыкса, эртеси 10-15 тонна акыр-чикир чыгарышат. Атка минерлер коркпой эле уурдап жатышат, жеп жатышат. Камалса кайра бат эле бошонуп алышат экен, акчанын күчүнө салышып. Ошон үчүн бизге катуу тартип орнотуу үчүн өлүм жазасын киргизүү керек.

—Өлүм жазасы биринчи кезекте кандай кылмыштарга колдонулушу керек?

—Антпесек, мамлекетте тартип болбойт, коррупционерлер, зордукчулар азайбайт. Биринчи кезекте: коррупционерлерге, педофилдерге, террористтерге, улут аралык чагымчыл кылгандарга өлүм жазасын киргизүү зарыл.

—“Коопсуз шаар” долбоорун ишке киргизип жатышпайбы. Бул боюнча эмне айтасыз?

—Эмне айтат элем. Жакшы иликтешкен жок. Баасы өтө кымбат машиналар эреже бузуп, чийинден өтүп кетсе акча чогултуп алып туралы деп жатышат. Бул нерсе бара-бара элдин нааразылыгын күчөтөт. “Коопсуз шаар” деп аталган соң, атына заты жоп бериши керек. Мисалы, көчөдө бир баштык жатса, анда убагында фикцасия кылып, тиешелүү талап менен. Мен министр болуп турганда Бишкек ШИИББнин жетекчисин бир нече өлкөнүн шаарына дал ушул “Коопсуз шаар” кандай ишке ашып жатканын көрүп, иликтеп келүүгө жөнөткөм. Мисалы, 5-6 миллион эли бар Анкара шаарында 25 миллион доллар менен ишке ашырышкан. Биз эмне үчүн мынча кымбат жасап жатабыз? Бул жерде баягы эле коррупциялык шек бар.

—Эми Айтматов боюнча учкай кеп кылалы. Сиздин көз караш боюнча 90 жылдык маараке кандай белгиленди жана сиз көтөрүп жаткан Биринчи Май районуна атын берүү демилгеси ишке ашчудайбы?

—Эсиңерде болсо, Айтматовдун ашын Бакиевдер “Дасмияда” эле өткөрүп, ошону менен унутушкан. Быйылкы 90 жылдык мааракеге арналган эскерүү, ар кандай иш-чаралар бир топ эле жогору болду. Бишкекте, Таласта жана башка аймактарда, анан дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө белгиленди. Казактар, түрктөр, орустар, өзбектер, немистер, азербайжандар айтор бир топ өлкө Айтматовдун ысымын чоң көчөлөргө, парктарга берип, айкелдерин тургузушту. Эми мындай улуу иштер дүйнөнүн башка дагы өлкөлөрүндө уланарына ишеним чоң. Бирок эң жаман жери биз борбор шаарыбыздагы бир районго атын бере албай олтурабыз. Айтматовду дүйнөгө уят кылып жарым көчөгө атын берип койдук. Ушул эми урматтагандыкка жатабы? Минтип олтурсак, өзүбүз да жыргабайбыз, башкаларды да жыргатпайбыз. Айтматовдон аянсак, биз жакшылыкты билбеген эле эл болуп калабыз да, туурабы? Бийлик улуу жазуучунун атын районго бериши зарыл. Анткени, биз ар бирибиз Айтматовго карызбыз!

Маектешкен: Айбек Шамшыкеев

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 27 = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: