Menu

Видео – Америкалык бизнесмен Илон Маск Лос-Анжелеске жер астынан өтүүчү транспорттук тоннель курду

Бөлүшүү:

Америкалык бизнесмен Илон Маск алгачкы жер астынан өтүүчү транспорттук тоннель курду. Тоннель Лос-Анжелесте курулуп, анын презентациясы бүгүн, 19-декабрда “Маска The Boring Company” аттуу компаниянын сайтында түз эфирде көрсөтүлдү.

“Tesla” жана “SpaceX” компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск презентацияда ылдам жүрүү үчүн автоунааларга атайын дөңгөлөктөр жасаларын айтты.

Анын айтымында, автоунаалар атайын лифт аркылуу тоннелге түшүрүлүп, андан кийин кайра алып чыгарылат.

“Саатына 240 чакырым ылдамдыкта жүрүүгө болот. Өзүңдү шаар ичинде телепортацияланып жаткандай сезесиң”, – деп жазган ал өзүнүн Twitter баракчасына.

Эскерте кетсек, миллиардер 2016-жылы “The Boring Company” аттуу компаниясын негиздеген. Мындан тышкары, долбоордун алкагында Лос-Анжелесте тоннелдердин тармагын куруу, кийинчерээк башка шаарларда да куруу пландалууда. Ал эми компания бул тоннелди 2017-жылдан бери курган.

https://www.youtube.com/watch?v=aysB5TBqSSw&feature=youtu.be&fbclid=IwAR2tbHQeLVUAQk5QqZoILNpOFPYCbJOe7Ikn4B5itM-mj5Nk_KJb6rOrx4E

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 22 = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: