Menu

Фото – 50 000миң доллар талап кылган кылмыштуу топ кармалды

Бөлүшүү:

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери опузалаган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын  ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагында белгисиз адамдардын тобу шаар тургунун уурдап кетишип, ижарага алынган батирде мыйзамсыз кармап жатышат деген ыкчам маалымат алышкан.

Кылмышкерлер жабырлануучудан 50 000 АКШ доллардан жогору акча каражатын талап кылышып, тез арада алар  көрсөткөн 20 000 АКШ долларды таап берүүсүн айтышкан. Физикалык күч колдонуу менен жабырлануучу менен анын үй-бүлөөсүн өлтүрөбүз деп коркутушуп, үйүнүн ачкычын тартып алышкан.
Кыргыз Республикасынын  ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлерине келген ыкчам маалыматтын негизинде опузулап акча талап кылган шектүү жарандардын өздүгүн тактоо жана кармоого багытталган ыкчам-издөө иш-чаралары
жүргүзүлгөн.

Жогорудагы факты боюнча Бишкек  шаарынын Свердлов РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 2-бөлүмү (опузалоо) менен кылмыш иши козголгон. Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын  шектүүлөрдөн барымтага алынган  жабырлануучуну бошотуу боюнча атайын операциясы Бишкек шаарынын борборунда жүргүзүлгөн.

Шектүүлөрдү кармоо учурунда жабырлануучу алар ижарага алган көп кабаттуу батирде болгон. Аныкталгандай, кылмышкерлер жабырлануучуну уруп, денесине ар кандай жаракаттарды келтиришкен.
Кыргыз Республикасынын  ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмыш ишине шектүү үч жаран кармалган. Алар:
-Топтун башчысы, Бишкек шаарынын жашоочусу 1978-жылы туулган К.М. аттуу
жаран, мурда 5 жолу Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97,
168, 170-беренелери менен  соттолгон;
– Бишкек шаарынын жашоочусу 1989-жылы туулган Б.В. аттуу жаран, мурда 4
жолу Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси менен
соттолгон;
– Чүй облусунун жашоочусу 1984-жылы туулган Т.Х. аттуу жаран.


Азыркы учурда кармалган жарандардын ушул сыяктуу башка дагы кылмыш ишине
тиешеси бардыгы иликтенип жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: