Бүгүн, 19-декабрда КР Президенти Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын берип жатып, экс-депутат Өмүрбек Бабанов менен сүйлөшүүлөр жүрдү беле деген журналисттин суроосуна да жооп берди.
“Экс-депутат Өмүрбек Бабанов менен үч тараптуу дагы, эки тараптуу дагы сүйлөшүүлөр болгон эмес. 2017-жылы президенттик шайлоо кампаниясы учурунда КТРКдагы дебатта жолугушкандан бери Бабановду көрө да элекмин. Аны менен акыркы жолу ошондо жолуккам. Ал эми, экс-президент Атамбаев менен Бабанов эмнени сүйлөшүштү менин маалыматым жок”, – деп жооп берди президент.
Эсиңиздерге сала кетсек, экс-президент Алмаз Атамбаев “Бабанов тууралу сүйлөшүүлөр болгон, анын кылмыш ишин жабыш керек” деген ушакты тараткан.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ