Menu

Президент Жээнбеков экс-президенттин кол тийбестиги маселеси жалгыз Атамбаевге гана тиешелүү болсо, каршы болмоктугун айтты

Бөлүшүү:

 

Бүгүн, 19-декабрдагы маалымат жыйынында Президент Сооронбай Жээнбеков  мыйзамга экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси жеке бир адамга тийиштүү эмес экендигин айтты.

Учурда парламентте каралып жаткан “экс-президенттин кол тийбестиги” маселеси тууралуу берилген суроого жооп берип жатып, Президент эгер бул демилге бир адамга – экс-президент Алмазбек Атамбаевге гана тиешелүү көтөрүлүп жаткан болсо, мындай өзгөртүүлөргө каршы болмоктугун баса белигилеп айта кетти.

“Бул жеке Атамбаевге тиешелүү эмес. Эгер бул маселе ага эле катыштуу болсо, мен каршы чыкмакмын. Убактысы келгенде, мен да мамлекет башчы кызматын өткөрүп берем. Ошондо мыйзамдын бул бөлүмү мага карата дагы иштейт. Мыйзам алдында бардыгы бирдей жооп бериши зарыл”, – деди Сооронбай Жээнбеков.

Эске салсак, акыркы күндөрү Жогорку Кеңеште “Экс-президент жөнүндөгү мыйзамга”өзгөртүү киргизип, экс-президенттин кол тийбестик укугун алып салган мыйзам долбоору талкууланып, ал биринчи окууда колдоо тапкан.

Булак: KyrgyzToday

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: