Menu

АКШ Гүлнара Каримовага каршы киргизилген санкциянын мөөнөтүн узартты

Бөлүшүү:

АКШ «Магнитский мыйзамынын» алкагында Өзбекстандын, Орусиянын, Украинанын жана башка бир нече өлкөнүн жарандарына каршы киргизилген санкциялардын мөөнөтүн узартты.

Алардын арасында Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримова менен Орусиянын башкы прокурору Юрий Чайканын уулу Артем Чайка дагы бар.

Санкциялар адам укуктарын бузгандарга жана коррупциялашкан аткаминерлерге каршы багытталган «Магнитский мыйзамынын» алкагында былтыр киргизилген.

Мыйзам Hermitage Capital фондунун 2009-жылы Москвадагы тергөө абагында каза болгон юристи Сергей Магнитскийдин аты менен аталган. Ал орус бийлиги тарабынан өзү иликтеп таап чыккан бюджеттик каражаттарды уурдоо схемасына тиешеси бар деп айыпталган.​

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: