Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик циркинин башкы директору Курмангазы Исанаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик циркинин башкы директору Курмангазы Исанаевди ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндөгү буйрукка Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кол койду.
Исанаев Курмангазы Жусупказиевич башкы директор кызматына 2004- жылы 6- октябрда Кыргыз Республикасынын ошол кездеги Премьер- министри тарабынан дайындалган.
Ал эми, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013 –жылдын 3- майындагы № 236 токтому менен бекитилген жобого ылайык, маданият министри өз номенклатурасына кирген ведомстволук мекемелердин жетекчилерин кызматка дайындайт жана бошотот.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ