Menu

Самсак Станалиев, жазуучу: “Ачык сөз” жакшылыктын сөзү боло бер

Бөлүшүү:

Адам жаралгандан бери аны менен кошо сөз айтылып келет. Сөз адамдардын бир туугандыгын, биримдигин, ынтымагын, боорукердигин, акылмандыгын, ой-сезимин туйгузат. Ушул процесстин акырындап өркүндөшүнөн улам сөз өнөрү, биздин азыркы түшүнүк менен айтканда көркөм сөз өнөрү жаралган. Ал ошо кайыптан бүтүп жаралгандан бери адамзат баласы менен кошо жашап келет. Анын адамзаттын өзү чечмелеп түшүндүрө алгыс улуу жана бузулгус ыйык касиети ошондой. Ошол үчүн сөз адам жаралганда эле адам менен кошо жаралган, адам акылынын өсүшү менен көркөм сөз өнөрү да өнүгүп келет. Дал ошол улуу сөз өнөрүн өз чындыгы менен калайык калкка жеткирип, элдин ынтымагы үчүн эгиз жандын эки болбос биримдигиндей кызматты аркалаган аз сандагы басылмалардын катарында “Ачык сөз” гезити да бар.
Азыр гезит дегендер, Кудайга шүгүр, жакшы эле чыгып жатат. Бири жабылып калса, анын ордуна башкасы жарык көрөт. Айтор гезит чыгаруу жагынан арыз-арманы жок жашап жатабыз. А бирок ошол менчик аталган гезиттердин ичинен көңүлгө алып, көкүрөккө кубаныч кылып алар, күнү-түнү эс-көөнүңдө желектей желбиреп турары аз болсо да бар. Ошондой басылмалардын бири мен үчүн “Ачык сөз” гезити. Бул гезиттин
жарык көрүп жатышы тагдыры бар адамдардын жашоо турмушундай өз алдынчалуулугу,  кандайдыр бир топтун кызыкчылыгы үчүн кылыч кармабагандыгы. Анткени күнөөсүн билген акылман адам тагдырдын таш боор азабын өзү жалгыз көтөрүп, өзү жалгыз каларын билет.

“Ачык сөз” да дал ошондой акыйкат менен акылмандыктын сөзү менен жашаган гезит. Ошол үчүн бул гезиттин түйшүгү да, билинбеген татаал жумушу да көп. Анткени бул жашоодо жыргап-куунап жашагандардын бир күнү көзү жумулса, өмүр бою ый-муң менен тиргилик кылгандар гана анын ким экенин үшкүрүп коюп эстей беришет. Ал эми маркум болгон адамдын өзүнө окшоп жашагандар анын атын укканда
эле эмнегедир кара чаар жылан кармап алышкансып селт эте чочуп кетишет. Бул дүйнөдө өлүмдөн улуу, өлүмдөн калыс, өлүмдөн ак эч нерсе жок. Ошол үчүн бул жашоону, бул өмүрдү жаратканынан бир берилген бир өмүрүнүн тагдырына айландыргандар гана анын калыстыгынан, актыгынан коркушпайт, адам жазмышы деп түшүнүшөт. Өлүмдүн ак экенин, өлүмдүн улуу жана калыс экенин ошол таза адамдар гана билишет. Ошол үчүн алар ак өлүмдөн коркушпайт, аны тагдыр-жашоонун айтканы катары, жазмыш-жашоонун жазганы иретинде, анан акырында жараткандын буйругу деп кабыл алышат. Анткени
алардын бул дүйнөгө болгон күнөөсү жок. Акылман жана таланттуу адамдын өзүн өлтүргөнү менен анын жүрөгүн эч ким, эч кандай күч, өлүм да, ок дагы өлтүрө албайт. Ал адам өз чыгармаларын жүрөгү менен жазган, анын ар бир сөзүндө, ошол сөзүнүн ар бир тамгасында жүрөгү жашай берет. “Ачык сөздүн” авторлору да ошондой адамдардан болсун.

Экинчиден мен гезит жараткан, гезитке кабар, макала жазгандардын түйшүгүн жакшы түшүнөм. Бул замандын айтканына баш ийип “Адабий Ала-Тоо” гезитин өзүм жалгыз чыгардым, ишемби менен жекшемби күндөрүн билбеген учурларым да болду. Анткени менен мен ал күндөрдөн ыракат алдым, авторлорго колумдан келишинче жакшылык кааладым, өзүмө тагдыр тиледим. Тагдыры жок адамдардын жашаганы билинбейт демекчи, далай-далай жаңы авторлор жаралган. Азыр ойлосом ушул “Ачык сөздүн” башкы редактору Жора Сулайманов бир кездеги мендей тушалып, мендей түйшөлүп, мендей кубанып жүрөт. Бир гезитке бир адам качан, кантип түт келчү эле! Ошол үчүн мен Ж. Сулаймановду канча бир айдан, канча бир күндөн кум саната жыйылган жылдарды бир кылымга батырып, анан аны бир өзү жалгыз көтөрүп турган адамдай элестетем. Ошол үчүн мен анын акыл сөзүнө, чынчыл ишине үн чыгара албайм. Ал анткени мен андай оор түйшүктү өзүмдүн жон теримден өткөргөм.

Бар бол, адилдик менен актыктын, жакшылык менен кубанычтын “Ачык сөзү”, жаңы жылың кут болсун!

Автор: Самсак Станалиев

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − 18 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: