Menu

Камалгандар кимдердин кардын тойгузат?

Бөлүшүү:

Кыргызстандын “элиталык түрмөсү” акыркы жылдарда жалаң акулаларга, киттерге толо баштаганы эмнени каңкуулайт? Албетте, мурдагы көз карашты аз да болсо сындыра баштады десек болот. Азыр боштондукта жүргөн атка минерлердин кантип кутулганына деле саресеп салып баамдап калбадыкпы?

Кимдер айып пулун миллиондоп төлөп эптеп түрмөдөн чыкканына деле таң калбай калдык. Эгерде алардын капчыгы жука болсо эркиндикке чыгышмак эмес, туурабы? Ошол каражат асмандан түшкөн эместир? Айтор, маселе жок эмес, бар.

Ушул тапта деле мурда өкмөт башчы, министр, мэр, тармактын чоңу болуп жүргөндөр отурат жарым жылдап. Тилекке каршы күч түзүмдөрүнүн кыйындары кандай беренеге таяп жазага тартууну билбей баштары маң болгон кези. Кээ бирлери саман-топонго аралашып караңгы жерде отурганы боюнча талаштуу жагдайлар түзүлдү. Парламентте да кайдыгер карабаган депутаттар өз сунуштарын трибунадан айтып
жатышат. Маселен, күрөөсүн койуп туруп, анчалык шек жаратпагандарды үй камагына чыгаруу боюнча. Түрмөнүн да өзүнчө заң-закүнү бар экени белгилүү. Бай делгендер камакка түшсө “каралардын” талабын аткаруусу кажет, антпесе жазага кириптер болот. Муну кадимки Нариман Түлеев алда качан тастыктап таштаган. Ушундан улам көтөрүлгөн “демилгеге” кошулууга туура келет. Эмне үчүн камалган көпөстөрдүн
каражатын “тигилерге” жедирип көзүбүздү тостойтуп отура беребиз? Андан көрө күнөөсү анчалык оор эместерди күрөөсүн койдуруп үй камагына бошотсо бирөө кой дейби? Эгерде ушул омоктуу пикир ордун тапса өчөйүп калган мамлекеттин казынасына тыгынчык табылмак. Айрымдар миллиондоп күрөө салууга деле даяр экени талашсыз. Бийлик мына ушул маселеге көңүл бурушу керек. Болбосо нааразычылыктар толуп-ташып отуруп батпай кетет…

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: