Кечээ, 19-декабрда Бишкек шаарынын аймактык комиссиясы “Республика – Ата-Журт” фракциясынын Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун депутаттык ыйгарым укуктарын убакытынан эрте токтотту. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Депутаттан орусиянын жарандыгы табылгандыгы, ыйгарымдардын токтотулушунун себеби болгон. Орусиянын Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, ал 1999-жылы орусиянын жарандыгына ээ болгон. 2007-жылы Орусиянын паспорту берилген. Жусупбек Коргонбай уулу 2018-жылдын 24-июлунда Орусиянын Юстиция министрлигинин расмий каты боюнча, Орусиянын тиешелүү органдарына Кыргызстандын жарандыгы бар экендиги тууралуу кабар берген.
Орусиянын Ички иштер башкармалыгынын тиркемесинде анын орусия жарандыгынан чыгуусу тууралуу маалымат жок.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ