Мурунку Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов Кыргызстандын Россиядагы элчиси болуп дайындалат. Азыр ал Россия өлкөсүнөн агреман күтүүдө. Бул тууралу биздин жеке булактар билдирди.
Кечээ, 19-декабрда КР Президенти Сооронбай Жээнбеков “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында жыл жыйынтыгы боюнча журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүп жатып “Москвага жакында жаңы элчи барат, тажрыйбалуу дипломат” деп айткан болчу. Кыязы президент экс-министр Аликбек Жекшенкулов тууралу айтса керек.
2010-жылдагы апрель төңкөрүшүнөн кийин “майлуу-сүттүү” делген “Мегаком” ишканасын талашып, басып алган Аликбек Жекшенкуловду кечирбеген Алмаз Атамбаев кийин аны “Мегакомдон” кууп чыгып, кылмыш ишин козгоп, 7 жыл бою аны мамлекеттик кызматка жолотпой келген эле.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ