Menu

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду: “Айрыкча айыл-чарба, жеңил өнөр-жай жана экспортко багытталган ишканалар каржыланат”

Бөлүшүү:

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна ар бир жылы эң ири суммадагы каражаттар, миллиондогон долларлар каралат. Бирок өтө эле ири ишкерлер насыя ала албаса, чакан ишканалар аталган фонддон насыя алуу мүмкүн эместигин белгилеп келишет. Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун басма сөз катчысы Бегимай Азимжанова суроолорубузга жооп узатты.

– Сиздерден насыя алуу абдан оор экени айтылат. Буга кошуласыңарбы?

– Биринчиден, фонддун каражатгарынын каржылоо багыттары алдын ала аныкталган, баардык эле бизнес-долбоорлор аларга туура келе бербейт. Мисалы, ишкер биздин акчага техника сатып алса, курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзсө, инвестициялык чыгымдарга капиталдык салымдарды жасаса болот, бирок, кээ бир учурда ага чынында жүгүртүү каражат, же кафе, ресторан, дүкөн, дарыкана ачууга акча керек. Бул максаттарга бизден каражат бөлүнүп берилбейт.

Экинчи себеби – биз болгон каражаттын максаттуу пайдалануусун кылдат көзөмөлдөйбүз. Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун баардык каражаттары негизинен накталай эмес жол менен колдонулушу жана максаттуу пайдалануу тууралуу документтери менен тастыкталышы зарыл. Үчүнчү себеп – банктар бул фонддун каражатын гана эмес, өз каражатын да таркатууну көздөйт. Мындан тышкары, фонд каражаттары менен иштөө катуу көзөмөл, документтер жана отчеттуулук менен коштолот. Бул кошумча талаптарды жаратат.

Биз фонддун насыялоо тартиби жеңил эмес экенин түшүнөбүз. Азыр бул процессти жеңилдетүүгө оптималдуу чара көрдүк. Аймактардагы ишкерлерге эми насыянын бөлүгүн накталай акча түрүндө алып пайдаланууга шарт түзүлдү. Мындан тышкары, насыянын максатын тастыктоочу документтерди талап кылууну жөнөкөйлөтүүнү караштырып жатабыз.

Бирок белгилей кетүүчү жагдай бар, фонд эки өлкө ортосундагы макулдашуу менен түзүлгөн, насыя арыздар паритеттик принциптеринде каралат жана каражаттар берилет. Насыялоо тартиптерин ашкере жөнөкөйлөтүү долбоорлордун сапатынын начарлашына жана насыялардын кайтарымдуулугунун төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн. Биз ага жол бербешибиз керек. Берилген насыялардын жогорку деңгээлдеги кайтарымдуулугу фонддун узак мөөнөттүү жана туруктуу ишин камсыз кылат. Биз кыргыз-орус өнүктүрүү фонду белгилүү бир убакытка гана чейин иштегенин каалабайбыз. Ал бир нече жыл гана эмес, түбөлүккө иштей турган өнүктүрүү институту болуп кетишине тилектешпиз. Бул насыя портфелинин сапаты жакшы жана берилген насыялардын жогорку деңгээлдеги кайтарымдуулугу болгон учурда гана мүмкүн.

– Насыя алуунун жол-жобосун кененирээк түшүнүүгө кызыкдар адамдар көп…

– Негизги документтер: арыз бланкы, үч жылдык финансылык отчеттор, каржылык модель, юридикалык документтер (устав, катгоо күбөлүгү, ИНН), күрөө тууралуу маалымат жана башка документтер.

Негизги шарттары: бизнес-план жана насыя мөөнөтүнө саналган каржылык моделдин, долбоорду ишке ашыруу үчүн тажрыйбалуу башкаруучу команданын жана күрөөнүн болушу.

– Канча пайызда, канча өлчөмгө чейин каражаттар берилет?

– Фонд каржылоо алуунун эки жолун сунуш кылат: түздөн-түз каржылоо жана 13 өнөктөш банктар аркылуу чакан жана орто ишканаларды каржылоо. Көлөмү 1 млн. АКШ долларына чейин каржылоо өнөктөш банктар аркылуу жеткиликтүү, кредиттин пайыздык үстөгү жылдык чени доллар менен 5 пайыз, сом менен 12 пайыз. Түздөн-түз каржылоо алкагында 1 миллиондон 25 миллион АКШ долларына чейин көлөмдө узак мөөнөттүү насыялар берилет. Ал эми аймактардагы долбоорлор үчүн түздөн-түз каржылоо босогосун 200 миң АКШ долларына чейин төмөндөттүк. Жылдык пайыздык чени 4 пайыздан башталат.

– Кандай тармактагы долбоорлорго көбүрөөк басым жасалат?

– Каржылоонун негизги артыкчылык берилген тармактары: айыл чарбасы (кайра иштетүү, сактоо), жеңил өнөр жайы – экспортко багытталган ишканалар, инфраструктуралыкдол-боорлор (суу тазалоо жана ташуу, электр энергиясы, транспорт, саламаттык сактоо, билим берүү), өндүрүштүн баардык тармактары – машина куруу, станок куруу, үй тиричилик буюмдарын чыгаруу ж.б.

Маектешкен: Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: