Menu

Социалдык тармактардагы бейооздук кыргыз-кытай мамилесине жарака кетириши мүмкүн

Бөлүшүү:

Акыркы күндөрү интернет желелелеринде, социалдык тармактарда Кытайга, кытай жарандарына каршы багытталган толкун пайда болду. Кытайларга каршы айтылган аудиожазуулар тарап, түрдүү посттор жазылууда. Кээ бири калыс пикир болсо, арасында аша чаап кеткендери да бар. Элдин кыжырдануусуна, нааразылык жаратуусуна да себептер бар. Бирок, өтө аша чапкандар эки элдин мамилесине доо кетирип алуу коркунучун да жаратат. Ошондуктан бул оор да, чоң да маселени мамлекет башчылары кылдат чечип берүүсүучур талабы болуп турат.

Артур Медетбеков, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары:

– Ачыгын айтканда, бир убактагы жемкорлордун жолдомосу, алардын коштоосу менен башка мамлекетгерден келген инвестициялардан өз пайыздарын алып, инвестицияларды туура эмес иштетип, алардын ичинде кытай бизнесмендерине да алтын кенин иштетүүгө жол ачып беришкен. Жергиликтүү эл менен эсептешпей өз билемдиктерине салгандыктан арты ушуга барды. Ошол себептерден улам инвесторлорго каршы пикирлерин айткан чагымчылдык кылгандар да көбөйүп кетти. Экинчиден, динди, улутту жамынып, чет элден келген инвесторлорго каршы багыт түзүп, каршы оюндарды аткаргандары бүгүнкү замандын талабына ылайык эмес. Акыркы убакта социалдык тармактарда, медиа каражаттарында көп учурда кытай болобу, башка улут болобу, инвестициялык байланыштарды үзүү максатындабы, саясатчылар көмүскө оюндарды жүргүзө баштады. Бүгүнкүкүндө мындай саясый оюндардын кереги жок. Мамлекетке стабилдүүлүк жана коопсуздук, ошондой эле тынчтык керек. Ал эми мамлекет өнүгүшү үчүн инвестицияга муктаж. Башка чоң мамлекеттер менен тыгыз экономикалык соода байланыштар керек. Бүгүн улутту, динди жамынып, саясый оюндарды баштаган адамдар Кыргызстандын өнүгүшүнө жардам берүүнү ойлошсо, мындай оюндарды токтотушу зарыл. Алар жаңылышып жатышат. Байкоосуз от менен ойноп алуулары мүмкүн. Алар андай иш жасап, мамлекетибиздин өнүгүшүнө, өсүшүнө, соода байланышына чоң тоскоолдук жасашат. Башка мамлекетгер да ал-акыбалыбызды карап, инвестиция алып келбей калышы мүмкүн.

Бүгүнкү күндөгү социалдык тармактарда болгон көрүнүш – бул өзүнчө бир кыргыз мамлекетине башка мамлекеттерге болгон мамилеге жарака түзүп коюшу мүмкүн. Себеп дегенде, турмуштан сабак алып келебиз. Өткөн жылдагы кыргыз-казак келишпестигинен чек арада карантин болуп, ортодо ишкерлер азабын тартышып, чыгымга учурашты. Айрыкча кошуна мамлекеттер менен мамилебизди аярлап, соода катыштарын жасап турушубуз шарт. Бул багытта коомчулук дагы, мамлекет дагы түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, айрыкча катуу кеткендерин тыйып, өтө жогорку деңгээлдеги дипломатиялык жолдор менен маселени, бүгүнкү көйгөйдү чече алабыз. Бейооздордун куру кыйкырыгы менен маселе чечилбейт.

Ренат Самүдүнов, жарандык активист:

– Бизди кооптондурганы Кытайга болгон абдан коркунучтуу карыз. Кытайдан карызды алганда, биз абдан татаал шарттар менен алыппыз. Тажиктер Кытайга карызынан жерин берип жатып кутулду. Ошол кейпти биз да кийбесек болду. Кытайдан бүгүнкү күндө биз эле эмес Орусия, АКШга окшогон дүйнөлүк державалар коркуп, кылдат мамиле кылып турат. Эгерде Кытай биздин мамлекетке карыз аркылуу таасирин тийгизем десе, биз эч нерсе кыла албай калышыбыз мүмкүн. Андыктан, мамлекет башчылары кылдат ойлонуп, камырдан кыл сууругандай бул абалдан чыгууга жол табышы зарыл.

Айбек Мырза, жарандык активист:

– Коомдук уюмдар тарабынан Кытай боюнча талаптар коюлуп жатат. Менин оюмча мыйзамдуу эле талаптар. Мыйзамсыз жүргөн кытай жарандарын чыгаруу талабы туура эле да. Мамилеге доо кетирбейт. Бул биздин мамлекет башчыларына коюлуп жаткан талап. Кытай тараптын кытайлык кыргыздарга мыйзамсыз иштери көп резонанс жаратууда. Бул маселени учурунда чечиш керек. Учурунда чечпесе элдин нааразычылык толкундары бара-бара мыйзамсыз ишке алып барышы мүмкүн. Ошондуктан, мунун баарын бийлик эске алып, талаптарды, коюлган маселелерди чечиш керек. Бул бийликтин жоопкерчилигиндеги маселелер.

Кыргызстанда канча кытай жараны бар?

Кыргыз өкмөтү Кыргызстандын аймагында жүргөн Кытай Эл Республикасынын жарандары тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда таркаган маалыматтарга байланыштуу билдирүү таратты.

• Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 2018-жылы Кыргызстанга 35 миң 215 (2017-жылы 41 миң 307) кытай жараны кирди. Ошол эле мезгилде бул аралыкта 34 миң 436 (2017-жылы 40 миң 690) кытай жараны чьпып кеткен.
• Өкмөт аппараты тышкы иштер министрлигине таянып билдиргендей, быйыл 21 миң 17 кытай жараны Кыргызстандын визасын алган. Мунун ичинен 14 миң 492 электрондук виза. Былтыр кытайлыктарга 12 миң 310 виза берилген.

• Мамлекеттик каттоо кызматы болсо Кыргызстанда убактылуу жашаганга 11 миң 966 (2017-жылы 18312) кытай жараны уруксат алганын, алардын ичинен 9 миң 498и (2017-жылы 11593) убактылуу иштөөгө укук алганын кабарлайт.

Даярдаган: Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 34 = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: