Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: “Коопсуздук органдары мамлекетибиздин улуттук кызыкчылыктарын ишенимдүү коргойт”

Бөлүшүү:

«Коопсуздук органдары мамлекетибиздин улуттук кызыкчылыктарын ишенимдүү коргойт деп ишенем, ” — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-декабрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын кесиптик майрамына арналган  салтанаттуу иш чарада. Бул тууралуу президенттик аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы алардын жумушу оор жана зор жоопкерчиликти талап кылаарын, мамлекеттин, коомдун жана өлкөнүн жарандарынын коопсуздугун камсыздоого багытталганын белгиледи.

Кызматкерлер өз милдеттерин ак ниеттик менен аткарып, Мекендин көрүнбөс чегинде тургандары үчүн тереӊ ыраазычылык айтып, элдин сакчылыгында турган жумуштарын мындан ары да натыйжалуу аткара тургандарына ишеним билдирди.

Президент мекен сакчылыгында туруп, каармандык менен курман болгон коопсуздук органдарынын кызматкерлерин эскерип, алардын элесине таазим этип, алардын үй-бүлөсүнө аманчылык тиледи.

Ошол эле мезгилде азыркы учурдагы дүйнөдө терроризм жана экстремизм коркунучтары курч болуп турганын эске салып, коопсуздук органдарынын кызматкерлерине коюлган талаптар катуу экенин белгиледи.

«Мындай оор шартта коопсуздук кызматтарына эселеген милдеттер, жүк артылып турат. Коркунучтарга бөгөт коюу, убагында каршы иш-аракеттерди жасоо зарыл. Биринчи кезекте, күч колдонуудан мурда түшүндүрүү иштерине, туура маалымат берүүгө басым жасоого тийишпиз. Кыраакылыкты жана террорго каршы иш-чараларды күчөтүп, тийиштүү күчтөр менен каражаттар ар дайым күжүрмөн даярдыкта болушу керек», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мындан тышкары, Президент улуттук коопсуздук кызматкерлеринин кесиптик ишинин маанилүү багыттарынын бири — коррупция менен күрөшүү экенин эске салып, бул жылы кызматкерлер ири коррупциялык схемаларды ачыкка чыгарып, эл арасында талкуу жараткан кылмыштардын бетин ачканын белгиледи.

«Бардык жасаган кылмыш иши үчүн эртеби, кечпи ким болбосун, жоопкерчиликке тартылат. Алардын даражасына, чинине жана коомдогу ордуна эч ким карабайт. Коррупция менен күрөшүү мындан ары да күчөй турганын дагы бир ирет эскертем», — деп айтты Мамлекет башчысы.

Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук коопсуздук органдарынын өздүк курамы иши менен кызматтык милдетине берилгендигин далилдеп, мамлекетибиздин улуттук кызыкчылыгын коргоого бекем турат деген ишенимин билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − 78 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: