Menu

Кубатбек Боронов, биринчи вице-премьер-министр: “Эртең бирөө сотко берсе кандай болот?”

Бөлүшүү:

– Кубатбек Айылчиевич, кечээ жакында эле ЖМКлар мамлекеттик каржы чалгыны кызматынын жетекчилиги баардык коммерциялык банктардан эсептердин жана ячейкалардын ээлери жөнүндө маалымат берүүнү талап кылгандыгын кабарлашты. Бул боюнча сиздин позицияңыз кандай?

– Ал туура эмес. Мыйзамга да каршы келет болуш керек. Себеп дегенде, «жеке менчикти коргоо» деген бар. Ошонун негизинде андай болбошу керек. Кылмыш иши козголчу болсо, ошонун алкагында, соттун санкциясы менен деректүү сураса, анда башка маселе. Анан «баары тууралуу маалымат бергиле» деген туура эмес.

– Бирок, экинчи жагынан көп чиновниктердин канча байлыгы бар экенин, акчаларын каякка жашырып, кимдерге каттатканын эч ким билбейт. Аларды ашкерелеш үчүн эмне кылыш керек анда?

– Анын өзүнүн рычагдары бар да. Чиновниктер көп болсо 100-150 миң киши болушу мүмкүн. Анан 6 миллион калкты бүт текшергенде, эртең бирөө мыйзам бузулду» деп сотко берсе кандай болот? Менимче, андай жол менен барбаш керек. «Бизде эркиндик, демократия» деп айтып атабыз. Ошондуктан, буга окшогон маселелерди мамлекеттеги түзүлүштүн алкагында, мыйзам чегинде караш керек. Мыйзам жол берсе, менин эч кандай каршылыгым жок.

– 141 чиновниктин декларацияларында дал келбестик бар экен. Алар маалыматты жашырбашы үчүн кандай чаралар керек?

– Мыйзам бар да. Декларациясында туура эмес маалыматтарды көрсөткөндүгү үчүн жоопкерчилик каралган.

Маектешкен: Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: