Menu

Турсунбек Акун, Борбор Азиядагы адам укугун коргоо конгрессинин координатору: “Бабанов келсе, УКМКнын СИЗОсуна камалат”

Бөлүшүү:

– Турсунбек мырза, сизди НТС телеканалын сотко берет деген маалымат чыкты го, ошол чынбы?

– Чын. Эгер НТС телеканалы Өмүрбек Бабановду Кыргызстанга алып келүүнүн жолун издеп, эфирден аны «келсин» дегендей көрсөтүүлөргө дагы орун бере берсе, мен аларды сотко берип, аталган телеканалды жаптырууга аракет кылам. Себеби, Бабановго бир эмес, үч кылмыш иши козголгон. Оор беренелер менен кылмыш ишин козгогон кылмышкерлерди теле аркылуу актоого, мактоого жол бере берсек, мындан ары мамлекетте тартип жоголот. Кандайдыр бир кылмышка шектелип, мамлекеттен чыга качкан саясатчылардын баары колу жеткен телеканалдан өзүн мактаткан ыкманы колдонууну адат кылып алышат. Ошон үчүн бул маселеге катуу турууга аргасызбыз. Бүгүн Бабановду телеканалдардан мактатсак, эртең Шадиев да дал ошол ыкманы колдонот. Ошон үчүн туура эмес нерсени айтып, токтотууну талап кылып жатам.

НТС билип-билбей бул аракети аркылуу эл менен бийликти кагыштырып коюшу мүмкүн. Мен ошол нерсенин алдын алуу максатында «НТСти сотко берем» дедим. Бабанов кыйын болсо, ар кимди ортого салбай, өзүн жактаткан пикирлерди айттырып, коомдук пикир жаратып убараланбай эле өзү келсе болмок. Ага кылмыш ишин Сооронбай Жээнбеков эмес, Атамбаев козготкон да. Күнөөлүү болсо жазасын алып, саясаттын курмандыгы болсо сотгон акталып алсын. Анда акча да, адвокат да бар. Кудайга шүгүр, азыр Атамбаевдин заманындай сотторго көрсөтмө берилбейт. Соттор ак болсо актайт, күнөөсү болсо соттойт. Ошон үчүн элди ортого салып, бийлик менен кагыштырбай, элдин башын айлантпай  Кыргызстанга ойлонбой эле келиши керек.

– Келсе эле камайт да. Сооронбай Жээнбеков дебатта «коррупция менен күрөштү сенден баштайм» дебеди беле?..

– Деген. Бирок, качып мураска деле жетпейт да. Чындап эр жүрөк экен, элин сүйсө, «мамлекетке пайда келтирем» деген максаты бар экени чын болсо, ойлонбой эле келе берсе болот. Бабанов келсе, УКМКнын СИЗОсуна камалат. Күнөөсү аныкталбаса, акталат. Азыр соттор кимдир бирөөгө көз каранды эмес. Кандай маселе болсо да адилеттүү чечим кабыл алышат.

– Айтмакчы, өткөндө «Бабанов, Мадумаров, Атамбаев биригиптир» деп жаттыңар эле. Мадумаров «кайнаса каным кошулбайт» дептир го?

-Ошенте беришет да. Бирок, чын-чынына келгенде Атамбаев менен тымызын биригүүгө барып жатышат. Ошон үчүн «Мадумаровду акчага сатып алыптыр» деген кептер чыгып жатса керек. Кыргызстанда «шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт» го?

– «Бабанов менен Атамбаев биригиши мүмкүн эмес, Атамбаевге кошуп, Бабановду каралагысы келгендер ошондой маалымат таркатып жатат» дегендер да четтен чыгып атат…

– Биригиши мүмкүн. Анткени, Атамбаев учурда азыркы бийликке каршы болгон адамдардын баары менен биригүүгө даяр. Алар Бабановду көндүрүп, Таласка келтирип, аны колдогон элди көчөгө чыгарып, митинг уюштуруп, жол тостуруп, бийликке каршы элди тукурганы жатышат. Аны ачык айтышпаганы менен чыныгы сценарий ошол багытка бурулуп калды. Ошон үчүн «Бабановду колдоо комитети түзүлөт» деген кептер чыга баштады. Эгер Бабанов Кыргызстанга келбей турган болсо, аны коргоо комитети түзүлмөк беле?..

– Атамбаевдин, Казакбаевдин айткандарына таянсак, «Жээнбеков, Атамбаев менен болгон сүйлөшүүдөн кийин Бабанов коркоктугу үчүн эмес, эл жапа чегип калбасын» деген таризде мамлекеттен чыгып кетүүгө аргасыз болгон экен го?

– Атамбаевдин маегинен кийин ошондой да пикирлер айтыла баштады. Эгер Атамбаев адатта Жээнбеков, Бабанов менен акылдашып, аны мамлекеттен чыгарып жиберген болсо, неге ага катар-катар кылмыш ишин козготкон? Ошол жагынан алганда Атамбаевдин айтканы жалган деле болушу мүмкүн го? Анткени, ал кырдаалга жараша пикирин өзгөртө берет. Менимче, Бабанов жөн эле «саясаттан кеттим» деп айтмак эмес. Ал кооптонгон маселе болгон үчүн ошентсе керек.

– Кыргыз саясатында кылмыш иши козголгондор качып кетишет. Бул нерсе жоопко тартылуудан куткарабы?

– Негизи кыргыз саясатчылары кылмыш иш козголгончо баатыр, акылдуу болуп, эр, шер боло берет. Кылмыш иши козголор менен сызып жок болушат. Аларга коркоктук жарашпайт да. Негизи качып туура эмес кылышат. Мен бир эмес, бир канча жолу камалдым. Өлүп деле калган жокмун. Эгер «мамлекетти башкарам» деген дымагы болсо, Бабанов коркуп, изин жашырбай, Кыргызстанга келиши керек. Ар кимдин сөзүнө кирбей, ак болсо ак экенин далилдеши керек. Качкан менен маселе чечилбесин түшүнүп, эрте күндү кеч кылбай, элди чуулдатпай келсин!

Маектешкен: Сурат Жылкычиев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: