Жогорку Кеңештин депутаттары биринчи окууда БУУнун майыптардын укуктары тууралуу Конвенциясын ратификациялашты. Чечим бүгүнкү отурумда кабыл алынды.
Эске салсак, постсоветтик мейкиндикте Кыргызстан менен Өзбекстан гана аталган конвенцияны ратификациялашкан эмес. 2011-жылы өкмөт документти кабыл алууга даяр экенин билдирген, бирок иш андан ары жылган эмес. Ал быйыл гана жанданып, маселе талкуулана баштаган.
Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда депутат Дастан Бекешев аталган маселени биринчилерден кылып карап берүүнү өтүнгөн. Аны кесиптештери колдогон.
Кыргызстан майыптардын укуктары жөнүндө конвенцияга 2011-жылдын 21-сентябрында кошулган. 2017-жылдын декабрында Жогорку Кеңештин депутаттары токтом кабыл алып, БУУнун майыптар укуктары жөнүндө конвенциясын ратификациялоону баштоого өкмөткө тапшырма берген.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ