Menu

Баткенде төшүнө алган соккудан улам 9-класстын окуучусу көз жумду

Бөлүшүү:

Баткен облусунда 9-класс баланын мушташтан өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 19-декабрда саат 14:45 чамасында Кызыл-Кыя шаарынын Ички иштер органдарына, шаардык оорукананын кабылдоо бөлүмүнө өспүрүм баланын сөөгү алып келингендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам изилдөө тобу барып, маркум Ак-Булак айылынын У. Гулматов атындагы №10 орто мектептин 10-классынын окуучулары мушташ уюштурушуп, жыйынтыгында 9-класстын окуучусу көз жумгандыгын тастыкташкан. Маркум бала менен кошо анын 5-6 чогуу окуган классташтары 9-класстын окуучулары менен мушташуу үчүн мектептен алыс эмес жерге, айылдын четине барышкан.

Чогулган балдар мушташышып, маркум бала эки жолу төшүнө сокку алгандан кийин эсин жоготуп жыгылган. Аны ооруканага алып келгенде анын үзүлүп кеткендиги белгилүү болгон.

Бул факт боюнча КРдин Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (бейбаштыктын айынан адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Шектүү катары 3 окуучу кармалып, учурда убактылуу кармоочу жайга камалышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 30 = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: