Menu

ИИМ: Чагымчыл жана жалган маалыматтарды тараткандарга кылмыш жоопкерчилиги каралган!

Бөлүшүү:

Акыркы убактарда WhatsApp жана башка социалдык тармактарда чагымчылматериалдарды камтыган жана аймактар аралык (улуттар аралык) кастыкты козутууга багытталган аудио-билдирмелер менен видео тасмаларды тараткан учурлар көп кездешүүдө. Жарандарга эскертебиз, ушул сыяктуу материалдарды тараткандары үчүн  Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесинин (Улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутуу) негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Андан сырткары, WhatsApp жана башка социалдык тармактарда коркунучтар тууралуу эскертип, чагымчыл маалыматтарды камтыган материалдар массалык түрдө жайылууда.

ИИМ эскертүү ирээтинде билдирет, ушул сыяктуу коркутуулар тууралуу маалыматтар интернет тармагында ушул жылы гана жайылбастан, бир канча убакыттардан бери дареги менен убактысы өзгөртүлүп, таркалууда. Биздин
шаарда зыяндуу ийнелердин табылышы боюнча ушактар таралып, текшерүүгө алынганда бул маалымат жалган болуп чыкты.

Кээ бир маалыматтык агенттиктер өздөрүнө тастыкталбаган маалыматтарды жайгаштырышууда.

Жакындан бери башы кесилген бала тартылган видео тарап жатат.
ИИМ маалымдайт, Кыргызстандын аймагында ушуга окшош кылмыш иши катталган эмес.  Бул окуя башка мамлекеттин аймагында 4 жыл мурда катталган.Ички иштер министрлиги жогорудагыдай чагымчыл материалдарды тараткандардын өздүгүн тактоо боюнча иштерди жүргүзүп жатат.Кыргыз Республикасынын ИИМи жарандарды социалдык тармактар    аркылуу жайылып жаткан чагымчыл, жалганмаалыматтарга ишенбөөгө жана ушундай фактылар боюнча ички иштер органдарына -102 кызматы аркылуу маалымдап коюңарды билдирет. Мыйзамды билбегендик жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт. Чагымчыл маалыматтарды тараткандардын же аны менен бөлүшкөндөрдүн өздүгү такталып, тиешелүү жазаларды алышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − 71 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: