Бүгүн, 20-декабрда КР Жогорку Кеңешинин кезектеги отурумунда Иса Өмүркулов баш болгон КСДП фракциясы парламенттин КСДП фракциясынын квотасы менен вице-спикер болуп олтурган Атамбаевдин мурунку секретаршасы Асел Кодуранованы кызматтан кетирүү маселесин койду. Ал эми “Бир бол” фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров “Эртең парламенттин 80 жылдык юбилейин белгилеп жатканда ушул ызы-чуулу маселени кийинкиге калтырбайсызбы!” деп спикер Дастан Жумабековго кайрылды. Спикер регламент боюнча артка жылдыра албасын айтып, экөөсү айтыша кетти.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ