Бишкекте Баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Ленин районунун Сосновка айылындагы жарандын уйунөн 47,5 килограмм гашиш табылган. Бул тууралуу Ленин райондук ИИБнен кабарлаштыы
Маалыматка караганда, милиция кызматкеерлери оперативдүү маалымат боюнча санкциялык тнтүү жүргүзгөн, натыйжасында кармалган жаран баңгини сатыкка даярдап жатканы аныкталган.
“Кармалган жарандын үйүнөн алты мүшөктөгү, 20 ширенке кутучасыдгы жана эки полиэтилен баштыкта гашиш табылган. Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин “баңгизаттарды мыйзамсыз даярдоо, сатыкка чыгаруу, пайда көрүү максатында сактоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Айыпталуучу эки айга камакка алынды”. – деп айтылат маалыматта.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ