Menu

Cапар Исаков: “Бийликте турганда көйгөй көп экенин көрбөптүрмүн”

Бөлүшүү:

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков бийликте турган кезинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК), сотто кандай иштер болуп жатканына көз салбаганы үчүн өкүнөт. Мындай пикирин ал 18-декабрда Бишкек шаардык сотунда айтты. .

Анын соттогу кайрылуусун Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) 20-декабрда жазуу түрүндө таратты

“Өкүнүчтүүсү – мен президенттик аппараттын жетекчиси, премьер-министр болуп турганда УКМКнын дубалдарынын артында, соттордо эмнелер болуп жатканын көргөн эмес экенмин. УКМКда отургандан бери бизде чынында эле мүшкүл абдан көп экенин көрүп жатам. Бүгүн мына мен саясий куугунтуктун ачык бир өкүлү болуп эсептелем”, – деп айтылат кайрылууда.

Шаардык сот ал күнү Исаковдун камактагы мөөнөтүн 5-январга чейин узарткан.

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында айыпталган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 5-июнда камакка алынган. Ал өзү бул иште “саясий боёк” бар экенин айтып келатат. Исаков соттук отурумдарда тергөөгө жардам берүүгө даяр экенин билдирип, бөгөт чарасын өзгөртүүнү сураган. Бул өңүттөгү пикирин 18-декабрдагы отурумда да сүйлөгөн.

УКМКнын басма сөз кызматынын өкүлү Рахат Сулайманов Сапар Исаковдун бул билдирүүсүн коомчулуктун көңүлүн башка нукка буруп, актануу деп сыпаттады:

-Ар бир адам мыйзам чегинде пикирин билдирүүгө укуктуу. Бирок жоопкерчиликти да сезиши керек. Кыш чилдесинде Бишкектеги Жылуулук электр борбору бузулуп, миңдеген тургундар суукта калган. Буга байланыштуу кылмыш ишин тергөө мыйзамдын чегинде жүрүп, мыйзамдуу чечимдер кабыл алынууда. Тергөө иштеринин алкагында Исаковдун башка долбоорлордо да мыйзамсыз иштерге кол урганы тууралуу далилдер бар. Бул боюнча да териштирүү жүрүп жатат.

Рахат Сулайманов тергөөдө Сапар Исаковго кысым көрсөтүлгөн эместигин айтты.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: