Орусиянын президенти Владимир Путин маалымат жыйын учурунда ал үйлөнгөнгө ниеттенип жатабы деген суроого жооп берди. Бул тууралуу орус басылмалары билдирди.
Путин журналисттин бул суроосуна “а сиз үйлөнгөнсүзбү?”- деп суроо узатты, ага журналист ооба деп жооп берди.
Корреспондент ошондой эле ал бул чечимине өкүнбөгөнүн билдирди.
«Мына бул үй-бүлөлүү экен жана мага дагы ошондой болсун деп каалап жатат… Адептүү адам катары мен дагы бир кезде ошондой кылышым керек болот го», деп тамашалады президент.
Эске салсак, Владимир Путин 2014-жылы 30 жыл бирге жашаган жубайы Людмила Путина менен эки ара жолго түшкөн.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ