Menu

СДПК партиясында калптын казаны шарактап кайноодо…

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев жетектеген СДПК партиясы Жогорку Кеңештеги фракция лидерин партиядан чыгардык деп жар салган. Уставка ылайык партиянын саясий кеңешинин мүчөлөрүнүн теңинен көбү катышканда гана кворум болот эмеспи. Аныгында Өмүркуловду партиядан чыгарууда кворум болгон эмес. Келгендер келди, келбегендер ишеним кат (доверенность) берди деген негизде Иса мырзаны жээкке сүргөнгө аракеттеништи. Бирок, аракети таш капты. Дегенибиз, саясий кеңештин ишеним кат берди деген мүчөсү Муктар Айнакулов СДПК партиясына эмес, ишеним катты так ошол Иса Өмүркуловдун өзүнө нотариустан күбөлөндүрүп туруп таштап кеткени СДПК партиясына ыңгайсыздык жаратты. Алар күтпөгөн окуя болду. Мындан улам Өмүркуловду партиядан чыгаруу мыйзамсыз болгону, алардын чогулушунда кворум болбогону калкып чыгып калды.

Автор: Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: