Menu

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров Талас облусуна иш сапары менен барды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 21-декабрда Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров Талас облусундагы иш сапарынын алкагында, райондордун эли жана жергиликтүү кызматкерлер менен жолугушуусун баштады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда, Талас облустук администрациясында Бириккен улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын 2018-2022-жылдарга карата Кыргыз республикасындагы өлкөлүк стратегиялык планын ишке ашыруу боюнча жыйынга катышып жатат. “Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын 2018-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасындагы Өлкөлүк стратегиялык планы” – социалдык коргоо системасын жакшыртууга, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, мектеп окуучуларына тамак берүү маселесин оптималдаштырууга, калкты климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоого жана калкыбызды өзгөчө кырдаалдан коргоого жана ошондой эле бул тармактагы мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын деңгээлин жогоруулатууга байланышкан маселелерди чечүүгө багытталган. Жыйындын жүрүшүндө, долбоор тууралы министр Улукбек Кочкоров: “Долбоордун алкагында 5 жыл ичинде 631 503 бенефициар же болбосо, 100 миңден ашык аз камсыз болгон үй-бүлөө, 33 048 тонналык азык түлүк жана 3 миллион долларлык акчалай жардамдарын “социалдык колдоонун активдүү чараларына – азык түлүк жардамы” аттуу социалдык коргоо инструменти аркылуу жардамдарды алышат”,-деди У.Кочкоров. Мындан тышкары жер-жерлерде долбоордун аткарылышында ачык-айкындык болушуна токтолду: “Долбоорлору тандоодо жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн ой-пикири биринчи кезекте эске алынсын деген максатта, 2018-жылдын 28-апрелинде Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жана Билим берүү жана илим министрлиги биргелешкен Буйрук чыгарып, Манас, Талас, Кара-Буура жана Бакай-Ата райондорунда, Талас шаарында “Бириккен Улуттар уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын 2018-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын өлкөлүк стратегиялык планын” иш жүзүнө ашыруу боюнча, райондук мамлекеттик администрациялар башчыларынын биринчи орун басарынын төрагалыгы астында, райондук деңгээлдеги комиссиялар түзүлгөн. Аталган буйрук менен комиссиянын типтүү иш регламенти бекитилип берилген”,-деди министр У.Кочкоров. Жыйынга, Бириккен Улуттар уюмунун азык түлүк программасынын өкүлүнүн орун басары Кейко Изуши жана облус, райондук өзүн-өзү башкаруу органдарынын жетекчилери катышып, алар долбоордун аткарылышы тууралуу маалыматтарды беришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: