Menu

Иса Өмүркулов байке дегенге жарабай калды, эми ким болот?

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асел Кодуранова ээлеген ордун бошотуп жатып, КСДП фракциясынын аны төраганын орун басарлыгынан чакырып алуу чечими мыйзам бузуу менен болгонун кесиптештерине кайрылып жатканда билдирди.

Асел айым буга чейин байке деп жүргөн Иса Өмүркуловду мындан ары байке деген атка татыктуу болбой калганын айтканы көпчүлүккө жага берди. Кодуранованын “Иса Шейшенкулович, сиз ушул жердегилердин арасынан эң көп жыл саясатта жүргөнүңүздү айттыңыз. Күчтүү эркек өзүнө күчтүү эркекти атаандаш деп эсептейт. Алсыз эркек атаандаш деп аялды тандайт. Бүгүн сиздин тандооңуз ойдогудай болгонун далилдедиңиз. Мен сизди ушул тандооңуз менен куттуктайм. Иса Шейшенкулович, сизди 1995-жылдан бери билем. Быйыл 23 жыл болду. Сизге байкем деп мамиле кылчумун. Бала кезимде тайенем байкелериме “Эстүү адам болсоң ачаар эшигиңди катуу жаппа, карындашыңды катуу какпа” деп айтчу. Сиз бүгүн ачаар эшигиңизди абдан катуу жаптыңыз, карындашыңызды абдан катуу кактыңыз. Мындан ары сиз байке деген наамга татыктуу эмессиз” деп айтканы катуу болду. Сөздүн ток этерин айтканда, Кодуранова “Байке” дебейм, “эже” деймин дегендей эле кылды Шейшенкуловичти. Ошондо, кимдин кадыры сынды? Өмүркуловдунбу же Кодуранованынбы?

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 48 = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: