Menu

Атамбаевдин “жомогу” аягына чыкты…

Бөлүшүү:

Ачык айтканда, кыргыз саясатында бир жылдын ичинде «түшкө кирбеген» окуялар болуп өттү. Шайды оодарган «шайлоонун шайтан оюндары» аяктап, «тике туруп өлгүсү келген» бир талапкер качып кеткенге чейин барса, саясий стабилдүүлүк бир аз олку-солку болуп турду.

Анын үстунө экс ажонун «балп этмелери» кошуна мамлекеттер менен болгон алаканы татаалдаштырып чек ара маселесинде олуттуу көйгөйлөр жаралды. Кудайдын көзү түз экен, жаңы шайланган президент эртеси күнү эле Астанага учуп барып, бир тууган эки элдин достук мамилесин кайра калыбына келтирүүгө жетишти.

Жаңы президенттин тышкы саясатта ийкемдүүлүгү, сабырдуулугу элге жакын болгон жөнөкөйлүгү көпчүлүктүн купулуна толду. Ошентсе да «Сооронбай Жээнбеков өз алдынча саясат жүргүзөбү? Же «Арашан» жакты кылчактай береби» деген суроо, ар бир кыргызстандыктын оюнда турганы жашыруун эмес.

Достук достугу менен. Бирок, эл тарабынан шайланган президент өз саясатын өзү жүргүзүшү керек болчу. Кыязы, элдин баары түшүнгөн бул жөнөкөй эрежени экс-президент Атамбаев түшүнгүсү келген жок. Ал жаңы президенттин ишине ыксыз аралашып «мен айткандай гана болот» деп «көк беттигин» карматты. Мындай жагдайда президент Сооронбай Жээнбековдун алдында эки жол турду. Биринчиси Атамбаевдин азыр көпчүлүгү камакта жаткан «ат кошчулары» менен «коюн колтук алышып», АШАнын «камчысын чабуу». Экинчиси эл тарабынан шайланган президент катары өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган өз саясатын жүргүзүү.

Азыркы президент экинчи жолду тандап алды. Мындай тандоо карапайым шайлоочулардын үмүт отун жандырды. Ошол эле мезгилде «Арашандагы» хан сарайымда жатып алып каалагандай башкарам»- деген АШАнын кытмыр оюн «таш капты».

Атамбаев болсо, ойлогон оюу ишке ашпай калганына кыжырланып азыркы бийликтин элдешкис душманына айланды. Болбосо, саясаттан өзүн тыш кармап Роза Отунбаевага окшоп кайрымдуулук иштер менен алектенип сый-урматтын үстүндө жүрсө деле жарашмак. Ошондо чыныгы баатыр болмок. Бирок, тилекке каршы Атамбаев андай эрдикке бара алган жок.

Ал «мен гана башкарышым» керек деген өзүнүн амбициясынын курмандыгына айланды. «кашыктап чогулткан кадыр баркын, чөмүчтөп чачып» ыгы келсе да, келбесе да азыркы президентти каралоону башкы максат кылып алды.

Экс-президенттин мындай акылга сыйбаган аракеттери, эринен ажырашып анан кайра ага такыр эле тынчтык бербеген ажаан аялдын элесин калтырды. Президент Сооронбай Жээнбеков ушул убакка чейин теңелген жок. Жооп да кайтарбады. Бирок ар нерсенин чеги болушу керек.

Кечээ президент массалык маалымат каражаттары үчүн кеңири форматта басма сөз жыйынын өткөрдү. Журналисттер тарабынан берилген бир да суроо жоопсуз калган жок. Баамдап байкаган адамга президент Жээнбеков экс-президент Атамбаев менен болгон мамилелердин «мурда жана кийин» деген чийинин чийгени анын жоопторунан таасын байкалып турду.

Жалпак тил менен айтканда Сооронбай Жээнбеков «үйдө ким кожоюн экенин» далилдеди.

Ошондой эле Өмүрбек Бабанов тууралуу эч кандай сүйлөшүү болбогонун айтып Атамбаевдин калпын чыгарды. АШАчылар «көзүр катары» эсептеп жаткан шайлоодогу «тизмегейттин» да чындап келгенде азыркы президентке эч кандай тиешеси жок. Анткени шайлоону дал ошол экс-президент Атамбаев өткөрүп, анын «көздөй» адамы Фарид Ниязов штаб башчы болгонун эстеринен чыгарбашы керек.

Жыйынтыктап айтканда, басма сөз жыйынында Атамбаевдин азыркы бийликке болгон айыптоолорунун ашмалтайы биротоло чыкты деп айтууга толук негиз бар.

Экс президенттин «жомогу» ушуну менен аягына чыккандай. Эми Сооронбай Жээнбеков өзү айткандай экономиканы өнүктүрүүгө болгон иш-аракетин жумшап, санариптик технологияларды ишке ашыруу аркылуу коррупцияны тизгиндөөсү зарыл.

Автор: Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: