19-декабрда Алайкуу өрөөнүндө түшкөн кар көчкүчдөн улам кар астында калган унаалардын видеосун бүгүн, 21-декабрда “Фейсбук” социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу аталган социалдык тармактагы “Ата-Журтум Кыргызстан” аттуу группага бөлүшкөн.
Видеодон кар астында калган автоунааны айдоочулар күрөк менен тазалап жаткандыгын көрүүгө болот. Маалыматка ылайык, жабыркагандар жок. Видеону тартып жаткан автордун айтымында, алдыңкы кеткен автоунаага батпай калышкан. Ошол эле учурда, автор кыргыз жеринин тоолоруна суктана кеткен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ