Menu

Шаирбек Ташиев, Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаты: “Шаардын келечектеги беш жылдык өнүктүрүү планын түздүк”

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаты Шаирбек Ташиевдин бир топ алгылыктуу иштери бар. Өзү шайланып келген аймактарга, деги эле шаардын калкына жасаган иштерин, депутат катары Жалал-Абаддын өнүгүүсү үчүн берген алгылыктуу сунуштарын угуп жүрсөңүз керек. Жыл аяктап калгандыгына байланыштуу биз менен пландары, аткарган иштери тууралуу ой бөлүштү.

—Шаирбек Кыдыршаевич, өткөн жумадагы жыйында Жалал-Абад шаарынын чоң көчөсунө Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгарууну сунуштаптырсыз?

—4-декабрь күнү шаардык кеңеште атайын жыйын болду. Жылды жыйынтыктап, көптөгөн маселелерди карадык. Алжерден мен Жалал-Абад шаарындагы эң чоң Ленин атындагы көчөсүн Чыңгыз Айматов кылып өзгөртүү сунушун бердим. Муну депутаттар колдоп беришти. Сунуш берип калганыбыздын себеби улуу жазуучубуздун 90 жылдыгы болуп жатпайбы. Роза Айтматованын айтымына караганда Айтматов өзү биздин шаарда туулуптур. Мындай улуу адамдардын атын борбордук көчөлөргө коюу абдан чоң сыймык деп эсептейбиз. Насирдин Исанов, Исхак Раззаковдордун улуу эмгектери унутулбай дайыма көчөлөргө аты берилип, окуучулар, студенттер ал инсандар жөнүндө көбүрөөк окуп билиши абзел. Жалал-Абаддын кеңейтилген көчөлөрүнө жогорудагы инсандардын аттарын берүүгө аракет жасайбыз.

—Ошол жолдорду кеңейтүу иштери жүрүп жатабы?

—Жолду кеңейтүү боюнча бир топ иштерди жасашты. Мисалы Ленин көчөсү кеңейтилип бүттү. Учурда Байзаков, Пушкин көчөлөрү кеңейтилип жатат. Пушкин көчөсүнүн жарымы гана бүттү, эми экинчи жарымын кеңейтүүдө. Чехов көчөсүн дагы кеңейтип жатышат. 2019-жылдын бюджетинен акча каратып беребиз. Шаарды өнүктүрүүгө аткаруу бийлиги менен бирдикте кеңештин депутаттары активдүү аракет кылып жатат десем жаңылышпаймын.

—Жыйында жалпысынан канча маселе карадыңыздар, 2019-жылга карата шаардын бюджети канча сом болду?

—Жалпысынан 12 маселе карадык, шаардын келечектеги беш жылдык өнүктүрүү планын түздүк. Шаардын бюджетин былтыр 415 миллион менен бекиткенбиз. Быйыл буюрса 460 миллион сомдон ашык суммада бекитебиз деген ойдо турам. Азырынча бюджетти карай элекпиз, январь ичи бекитип беребиз. Жер астына быйыл өтмөк жасадык. Мындай өтмөктү Ленин көчөсүнө да куралы деген пландарды карайбыз. Бул өтмөк мурдагысынан дагы көлөмү чоң болот. Быйыл эки бала бакча бүттү, жакында колдонууга өткөрүлүп берилет. Суу канал боюнча биринчи фазаны аяктап, экинчисин фазаны жасап баштайбыз. Жолдорду кеңейтүү маселеси да турат. Бала бакча, мектептерде балдарга мыкты шарттарды түзөлү дейбиз. Шаарыбыздын туурасынан эле өстүрбөй бийиктикке да өстүрүү зарыл. Ошондуктан быйыл ипотекага үй берүүчү компанияларга курулуш иштерин баштай берсин деп жер бөлүп бердик. 2019-жылда Жалал-Абад шаарындажакшы жагына өзгөруүлөр болот деген ишеничтемин.

—Жылды жыйынтыктап жатып ар бир адам өзунүн өткөн жылына бир сыйра анализ жүргүзөт эмеспи. Сиз кайсыл иштерди жасоого жетиштиңиз?

—Мен биздин партиянын атынан эки аймакка талапкерлигимди коюп, Дача аттуу жаңы конушубуздан эл колдоп, буюрса депутат болуп олтурам. 2018-жылы менин демилгем менен ал жерге балдар бакчасын курууга бюджеттен каражат бөлдүрүп бергенбиз. 2019-жылы бакча бүтсө айылдагылар шаарга келбестен, балдарын биз курган бала бакчага алып бара беришет деген ойдомун. Жолдорун оңдоп, мектептерине компьютер алып бердим. Экинчиси Төш-Кутчу айылы. Ал айылда дагы 100 орундуу бала бакчаны былтыр пайдубалынын тургузуп койгонбуз. Быйыл баарын бүтүрүп, 2019-жылы ишке киргизүү үчүн бюджетке киргизмем деген ойлор бар. 28 миллион сомдук баардык шарттары менен курулган сонун бала бакча болот. Мен дайындалып келген эки айылдын тең жолдорун карап, асфалть төшөтүп же шагыл төктүрүү үчүн каражат бөлүп бергенбиз. Дагы кошумчалай кетчү нерсе, Төш-Кутчу айылынын мектебинин спорт залы бүтпөй турган экен, менин демилгем менен буюрса бүтүп калды, 2-3 күндө колдонууга беребиз.

—Келе жаткан жылда эмне пландарыңыздар бар?

—Келе жаткан жаңы жылда эли журтубузга жакшылыктарды каалаймын. Калкыма жасайм деген дагы көп пландарым бар. Буга чейин да жасап келген соопчулук иштерди мындан кийин да улантабыз. Кудай буюруса колубуздан келишинче жардамга муктаждарга кам көрөбүз. Өзүбүздүн кийимибиз бүтүн, курсагыбыз ток болгондуктан элге кызмат кылуу биздин инсандык милдетибиз деп ойлойм. Кыргызстанга жакшы иштерди жасап, өнүгүүгө салым кошуу менин эң чоң максаттарымдын бири.

—Чоң саясатка кайтуу ниетиниз барбы?

—Саясаттын чоң-кичинеси болбойт. Менимче саясаттын жолунда башыбызды сайып иштеп, эли журтубузга пайдабыз тийсе ошол чоң жетишкендигибиз болот. Шайлоочуларыбыздын талабын талашып, аларга пайда алып келе турган иштерди жасайм деген жакшы ниетим бар. Ар бир кылган мээнетибизден сөзсүз жыйынтык чыгарабыз.

Маектешкен: Баян Кулова

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: