Menu

Сооронбай Жээнбеков: Конституцияны өзгөртүүнүн зарылчылыгы жок

Бөлүшүү:

Кыргызстандын Баш мыйзамы өзгөртүлбөйт. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте Жогорку Кеңештин 80 жылдыгына арналган жыйында сүйлөп жатып мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Президент Кыргызстан парламентаризм жолун тандаган өлкө экенин, коомдогу бардык курч маселелер парламентте көтөрүлөрүн, оппозиция менен жарандык коомдун үнү ошол жактан жеткирилерин белгилеп, бүгүн “парламенттен жашырылган маселе жокко эсе” экенин айтты.

– Азыр парламенттин дарегине бир топ сын айтылып жатат. Бул нормалдуу көрүнүш. Учурда Конституцияны, шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү, курултай институтун киргизүү жөнүндө талаптар коюлууда. Конституция 25 жыл ичинде 10 жолу өзгөртүлдү. “2020-жылга чейин өзгөртүлбөсүн” деп добуш берилген, бирок ага карабай, аны бузуу менен 2016-жылы дагы бир жолу өзгөртүлдү. Ошондуктан, элдин эркин сыйлоо менен 2020-жылга чейин Конституцияны өзгөртүүгө муктаждык жок деп эсептейм. Кеп Баш мыйзамда эмес, мыйзамдарды сыйлоодо. Учурда экономиканы өнүктүрүү, коррупцияга каршы күрөшүү деген курч маселелер турат, – деди Жээнбеков.

Мамлекет башчысы ошондой эле “биз азыр Баш мыйзамды өзгөртүүнү баштап алсак, аны жакшылап талкуулоого, шайлоо мыйзамдарын тактоого жетишпейбиз” деди.

Бишкекте Жогорку Кеңештин түзүлгөнүнүн 80 жылдыгына карата илимий-практикалык конференция өтүп жатат.

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында уюштурулган иш-чарага президент Сооронбай Жээнбеков баш болгон өлкө жетекчилери, парламент депутаттары, мурдагы чакырылыштардагы эл өкүлдөрү да катышууда.

1938-жылдын 24-июнунда республиканын мамлекеттик бийлигинин жогорку органына – Кыргыз ССР Жогорку Советине жалпы элдик шайлоо алгачкы жолу өткөн. Ага 284 депутат шайланган. 1938-жылдын 18-июлунда Жогорку Советтин биринчи сессиясы өткөн.

Учурда парламент 120 мандаттан турат.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: