Menu

Бабановдун күнөөсү – Атамбаевге ишенгени

Бөлүшүү:

Өмүрбек Бабановдун кылмышы эмнеде?- деген суроону бере турган болсок, анын кылмышы өткөн президенттик шайлоого талапкер катары таймашкандыгында болуп чыгат. Анын эң негизги катачылыгы – Алмазбек Атамбаевдин таза шайлоолор боюнча убадасына ынанганы.

Бабановдун президенттик рейтинги былтыр жазында 75–80%га чейин жетип турган. Башкача айтканда, президенттик пост аныкы болгон. Анын жалгыз суранычы – Атамбаев таза шайлоо шартын камсыз кылып берүүсүндө эле. Үйүнөн чыкпай, аялы Рита жеңеси Рая менен эже-сиңди болуп катышып, өзү болсо Алмазбек абийи менен жума сайын кулпунай жеп, баардык айткан сөзүн аткарып келген. Эсиңерде болсо ошол
себептен Жээнбековдун штабы шайлоонун акыркы эки жумасына чейин Атамбаевге ишенбей, “бул калп эле бизди алдап атат, акыркы момент Бабановго салып берет” деп айтып жүрүштү. Өзгөчө шайлоо фондуна Атамбаев август айынын башында “акча жок, өзүң таба аласыңбы?” деп Сокени орто жолдо жөө калтырып коё турганда, Жээнбековдордун кланы толугу менен түңүлүп, башка булактардан акча табууга аргасыз
болушканы айтылбады беле. Баса, шайлоодон кийин атакага өтүп, эки сөздүн биринде эстеп аткан Атамбаев “арабдар бериптир деп ойлогом” деп айтат имиш жакындарына. Ушул да айтчу сөзбү? Бирок, ооба, туугандар, Атамбаев үчүн эң ыңгайлуу президент - Өмүрбек Бабанов болгонунда эч кимде шек жок. Атамбаевдин тегерегинде да көбүнчө жанжөөкөрлөрү Бабановго тарткандары ачыктан эле айтылып жүрөт. Алардын арасында бетке түз айткан эски чабан Албек Ибраимовду өзгөчө көп айтып жүрүшөт.
Икрам Илмиянов болсо тескерисинче, күзүндө камалгыча чейин элдин баарына “Атамбаевдин тегерегинде мен жалгыз Сокеге сүрөгөм, мен болбосом, ал эч качан шайланмак эмес” деп төшүн кагып жүргөнү да чын. Абдил Сегизбаев менен Сапар Исаков экөө тең “мураскер кылып мени дайындаңыз” деп, Сокени анча атаандаш катары сезбей, бүт күчүн Бабановду жаман көрсөтүүгө умтулушкан. Сокени булар анча тең көрбөй, өмүр бою баягы эле аларга жүгүнгөн Оштун губернатору, Атамбаевдин сөзүнөн чыкпай, экинчи пландагы актер катары кабыл алышчу.

Алмазбек Атамбаев эмне үчүн жана качан Бабановдун президент болуп шайланышынан баш тарткандыгы боюнча ушул кезге чейин талашып келатат саясат таануучулар. Албетте, Назарбаев менен жолугушуусу бул жөн эле себеп болгон. Негизги нааразычылык бул Атамбаевдин ичи тарлыгы, Бабановдон чоң акча берет деп үмүт эткен деген версия дагы эл оозунда айтылып келатат. Эсиңерде болсо, бул ишке ашпай калган
жашыруун каалоосун ал ачык айтып алган шайлоо күнүндө берген пресс- конференциясында. Атамбаевдин оюнда, Бабановдун олигарх чет өлкөлүк досторунан бири президент болуп шайланышы үчүн ага 20 миллион доллар пара сунушташы керек болчу экен. Албетте, мындай ой Бабановдун түшүнө да келген эмес. Билген кишилер ал кысыр 20 миллион пара эмес, “Азиямоллго” Атамбаев бөлдүртүп берген 17 миллион
доллардан да бир тыйын менен бөлүшпөгөнүн айтып жүрүшөт. Ал аз келгенсип, Рита айым бир күнү “Рая эже аябай кызыгып атат дүкөндөргө, жакшы кеңештерди берип, ага бир кичине доля берсекпи?” деп сураса, “доляга тургусу келсе, инвестиция кылып, акча кошсун” деп коёт. Албетте, бул сөз Атамбаевге жетип, ага жакпай калат. Бирок Бабановдун күнөөсү ошондо эл ойлогондой, ал Атамбаевге акча ташып, президент болбой калганында эмес. Ал анын сөзүнө ишенип, чын эле Кыргызстанда таза шайлоо өткөзүп, эл
тарабынан шайланып алса болот экен деп ишенгенинде.

Эми бул Өмүрбек Бабанов үчүн өтө чоң бир сабак болду. Ал өз күчүнө ишенип, жөнөкөй элге таянып, президент боло алам дегени — ​бул кылмыш эмес. Ал үчүн жазага тартыла турган болсо — ​ага эч качан өнүкпөйбүз деген фанаттары толтура. Демократиянын эң баштапкы норма эрежелерине да бул карама-каршы келе турган көрүнүш болуп калат. Бабановдун сөзүнөн жаңылганы бул Оштун Он-Адырында болду
дегенибиз дагы туура эмес. Анткени ал сөзүн биз контексттен чыгарып карабашыбыз керек. Он-Адырда милиция жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жашоочуларды түнү бою коркутуп, тоскоол кылганына карабастан, жапырт өзбек калкы чогулганына Өмүрбек Бабанов өтө ыраазы болот дагы, анан “биз ынтымактуу жашашыбыз керек, мен эч качан улутуна карабайм, мыкты компетенттүүлөрдү дайындайм” деп сөз берет. Ооба, туугандар, Бабановдун энеси түрк тектүү. Бул дүйнөгө келген бала энесин тандабайт. Азыркы убакта дагы чоң саясатта, кичинекейинде дагы “сенин апаң кыргыз эмес” деген шылдыңдоолорду
Өмүрбек далай уккан. Андай сөздү момпосуй талашкан балдар айтса бир жөн, бирок далай эле жашына жеткен саясатчы жана журналисттер айтса, ошого арданат уккан эл. «Бабанов кыргыз эмес” деп кыйкырган чаласабат эмне үчүн татар энеден төрөлгөн Чыңгыз Айтматовду даңазалап, дүйнөлүк коомчулукка мактанып жүрөт? Акыйкат бололу да.

Ошол Он-Адырда көбүнчө карыган чал менен аялдар чогулган митингинде Бабанов демократиялык баалуулуктар жөнүндө сөз кылат. «Кыргызстанда эч ким басынтылбашы керек” деген ойду айтат. Ошол жерди тегеректеп турган милицияга эскерте кайрылат. «Авторитардык бийликти, өзүмбилемдикке, мыкаачылыкка эл жол бербейт” деп туруп, анан Атамбаевдин “тизелеп жашагыча” деген сөзүн кайталайт. Муну этникалык араздашууга чакырык катары же болбосо мамлекеттик бийликке доо кетирди деп эсептей
турган болсок, анда бул сөздү он жолу айткан Атамбаевди жана ал сөздү миң жолу кайталап көрсөткөн массалык маалымат каражаттарын жоопкерчиликке тартышыбыз керек, туугандар. Калыс бололу!

Шайлоодо жеңилген Бабанов чыр чыгарганга барбайт. Ал бул жерден дагы бир катачылык кетирет. Шайлоодон кийин ал Сооронбай Жээнбековдун алдынан өтүп коюшу керек эле. Бирок, ал Атамбаевдин саткынчылыгына катуу таарынып, утулгандын ызасына батат. Ал аз келгенсип, жанында жүргөн ишенген депутаттары да сата баштайт. Ал эч ким менен сүйлөшкөнгө да шайы келбей, отуруп калат. Анын жанында жалгыз ишенген досу Руслан Казакбаев фракция жетекчиси катары анын атынан камакка алынган Канат Исаев жана камала турган жүздөгөн жергиликтүү активисттер үчүн сүйлөшүү жүргүзгөнгө аракет кылат. Ал биринчи шайланган президент Сооронбай Жээнбековго кайрылса, ал “менин чатагым жок Өмүрбек менен, барып тиги киши менен чечишип алсын” деп жооп берет. Казакбаев анда Атамбаевдин алдына түшүп, досу үчүн кадимкидей жалынат. Шайлоодон кийин жибип калган Атамбаев “Саткын Бабанов Жогорку Кеңештен гана эмес, саясаттан толугу менен чыгышы керек” деген шартты катуу коёт. Орто жерде дагы бир канча ресурс кожоюн алмаштырат. Бирок бул жетиштүү болбойт. Кайра-кайра, Атамбаевдин кирген сайын жини келе берет. “Мен үчүн Бабанов деген саясатчы жок! Ал же «саясаттан кеттим” деп жарыялайт, же болбосо мен бул жердеги бүт партиялаштарын бирден камайм, НТСти талкалайм, банктарын шыпырып алам” деп коркутат.

Аргасыздан бурчка такалган Бабанов ошол билдирүүнү Жаңы Жылга бир күн калганда, “мага ишенген тарапташтарымдан кечирим сурайм” деген сөздөр менен саясатты тыштаганын жарыялайт. Ал билдирүүдөн кийин “мен Кыргызстанга кайтып келейин, бизнес партнерлор менен миллиондогон инвестиция долбоорлорум бар эле” деп айттырса, Атамбаев “бир жыл Кыргызстанга келбесин, саясат эмес, оозунан бир дагы сөз чыкпасын” деп Казакбаев аркылуу айттырат. Ооба, Жээнбековдун айткан сөзү туура. Эч
качан үчилтик сүйлөшүү, бир комнатада үчөө Жээнбеков, Атамбаев жана Бабанов сүйлөшкөн эмес. Бирок, макулдашуу башка тарап менен болгон. Буга он чакты чоңдор күбө болгон. Ушул эле макулдашуунун бир жемиши, мисалы, Канат Исаевдин дагы иштери кыскартылып, ал Жогорку Кеңешке кайра депутат болуп кайтканын айтсак болот.

Атамбаевдин бул келишимди ачыкка чыгарганы өтө кызык, бирок азыркы шахмат партиясында эң күтүүсүз жүрүш болду. Азыр Бабановду бийлик камай турган болсо, ал жана анын жүз миңдеген күйөрмандары автоматтык түрдө Атамбаевге барып кошулат деген үмүт экс-президентти жетеледи. Бабанов менен Атамбаев ортосунда азыр бир дагы макулдашуу жок. Өмүрбектин жакынкы жылдарга планы Россия жана Европадагы өзүнүн долбоорлорун улантуу. Ал келип Кыргызстандын саясатына катышам деген ою жок. Ал үчүн мекенге кайтып келе алуу — ​биринчи кезекте моралдык маселе. Экинчиси, анын инвестициялык долбоорлору “бул киши мекенинде кылмышкер” деген кара так болуп турганда көбүнчөсү ишке ашпайт, чоң банктар тобокелге бара алышпайт. Андыктан Бабановду Жээнбековдун каршылашы деп эсептөө, ага карата кылмыш иштерди азыркы президент козготкон, жеке өзү көзөмөлдөп атат деген туура эмес. Бул оюндун автору дагы
экс-президент. Бул чындыкты убагы келгенде Өмүрбек Бабанов өзү айтат. Калганын ошол кишинин оозунан угабыз.

Автор: Темирлан Токтоболотов

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − 85 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: