Кечээ, 21-декабрда “Фейсбук” социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу Нурлан Токтосунов аталган тармактын “Оштуктар” аттуу группасына, Жалал-Абад шаарындагы ооруканалардын бириндеги дарыгер оорулуу баланы “карабайм” деп кыйкырып жаткан видеосун бөлүштү.
Видеодо температурасы 38-39 градуска көтөрүлүп турган баланы кароодон баш тартып жаткан дарыгерди көрүүгө болот. Ата-эне ошол эле учурда баланы кароону талап кылып жатса дагы, орой сөздөр менен сөгүнгөн дарыгер эшикти жаап кирип кеткен.
Бул видео социалдык тармакта чуу жаратып, колдонуучулар тарабынан ар кандай пикирлер айтылууда. Кээ бирлер “бул врачтын дипломун жокко чыгарыш керек! Бейтапты милдеттү түрдө караш керек, кайдыгерлик аз келгенсип сөгүп жатат” деп пикир калтырса, кээ бир окурмандар “кыргыз медицинасынын абалы каякта экендигин көрүп алгыла” деп сыпатташкан.
https://www.youtube.com/watch?v=XJ3jWMp8EBM&feature=youtu.be&fbclid=IwAR2KCWzWbq5eMYG1Wur6VN0oyj4sjQBahxxBafybUCqpg2yRWCb5oM5kN44
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ