Menu

Коомдук жайларда түкүргөндөр 5500 сомдон айып пул төлөй башташат

Бөлүшүү:

2019-жылдан тарта коомдук жайларда түкүргөн жарандарга айып пул салына баштайт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 1-январынан тарта КРдин кодексинде жаңы эреже күчүнө кирет. Бул эреже боюнча коомдук жайларда түкүргөн жарандарга 5500 сом өлчөмүндө айып пул салынат. Ал эми юридикалык жактар үчүн 17 000 өлчөмүндө айып пул коюлат. Мындай маалымат жакында гана өткөн “Таза аба үчүн” аттуу акциянын плакаттарында бар болчу.

Таштандыны жана жалбырактарды өрттөгөндөрдүн айып пулу 2000ден 7500 сомго чейин ал эми, юридикалык жактарга 10 000ден 23 000 ге чейин салынат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: