Menu

Фото – Жумгалда 4 жаштагы кызды зордуктап, 7 жашар бала менен 47 жаштагын чоң энесин муунтуп өлтүргөн жаран кармалды

Бөлүшүү:

Кечээ, 21-декабрда Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айылында 47 жаштагы аял жана анын эки небереси өлтүрүлүп, өрттөлгөн. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, кечээ, Жумгал райондук нөөмөт бөлүмүнө Көк-Ой айылында өрт чыгып, үй-бүлө каза болуптур деген маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыгып, алгачкы иликтөө иштерин жүргүзүү учурунда аталган айылдагы үйлөрдүн биринде чыккан өрттөн каза болгон 47 жаштагы аялдын жана анын эки небересинин — 4 жана 7 жаштагы балдардын сөөгү табылган. Аталган факт боюнча Жумгал райондук ички иштер бөлүмү тарабынан соттук-медициналык, биологиялык, химиялык, гистологиялык, дактилоскопиялык, криминалистикалык, медициналык экспертизалар дайындалган.

Маалыматта “Алгачкы тергөөнүн жүрүшүндө 47 жаштагы аял менен анын жети жаштагы небереси муунтуп өлтүрүлгөнү, ал эми төрт жаштагы кыздын зордукталгандыгы аныкталган”, — деп жазылат.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Көк-Ой айылынын 29 жаштагы тургуну кармалып, күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, көрсөтмө берген. Аталган факты боюнча Жумгал райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (“Адам өлтүрүү”) боюнча иш козголду.

Шектүүнүн айтымында, ал 47 жаштагы аял менен 20-декабрда түнкү саат 11лерге чейин спирт ичимдигин ичкен.

“Аял мас болуп калганда үйдүн төркү бөлмөсүнөн уйкудан ойгонуп калган төрт жашар кызды күч колдонуп зордуктаган. Жанында уктап жаткан жети жаштагы бала ойгонуп кеткендиктен аны колу менен муунтуп өлтүргөн. Андан соң кызды да тумчуктуруп өлтүрүп, кийин конок бөлмөдө мас абалында уктап жаткан аялды да муунтуп салган. Кылмышты жашыруу максатында бөлмөдөгү мештин ичинен чокторду алып, бөлмөнүн ар кай бурчтарына от коюп качып кеткен”, — деп жазылат маалыматта.

29 жаштагы жаран Жумгал райондук Ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − 51 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: