Menu

Роза Отунбаева: “Медеткан Шеримкулович бизди парламенттин IV чакырылышын таркатып, мамлекетке каршы иш жасады дейт, биз жасаган жол – бул революциялык жол болду”

Бөлүшүү:

“Армения бүгүн чоң кадамдарга барып, бизди суктандырып жатат, биз да ушул жолго барабыз, түшөбүз деп менен терең ишенем, баардыгы бир заматта болбойт, асмандан түшпөйт, биз көп иштешибиз керек, көп нерсени жасашыбыз керек экен”, – деп билдирди бүгүн, 22-декабрда 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева Бишкектеги кафелердин бириндеги Өмүрбек Текебаевдин 60 жылдык урматына берилген сый тамактын учурунда сөз алып сүйлөп.

“Кечээ, 21-декабрда парламенттин 80 жылдыгында Медеткан Шеримкулов айтып калды, “бизди парламенттин IV чакырылышын таркатып, мамлекетке каршы иш жасады” деп. Мен айтат элем, Медеткан Шеримкулович, биз эмне Бакиевди кайра алып келип ошол жерге, Бакиев анан парламент аркалуу, 93 голосу бар болчу “Ак жолдун” ичинде, кайра ошол жерден Бакиевди кайра шайлап, өлгөн балдар болсо өлдү, аларды биз тирилте албайбыз деп, ошентип тиктеп карап турушубуз керек экен да. Мен айтат элем, биз жасаган жол – бул революциялык жол болду. Ал жолдун да бүгүн ушундай “оправданиясы” бар, мына, Франция баштаган өлкөлөр ушундай жол менен келатат, эч нерсе жасабай үйүндө олтургандар, мына, ошолор күнөөлүү! Качып жүргөндөр, мамлекетке каршы ишти жасагандар, биз болсо Кыргызстан, мен көп мамлекетти кыдырып келдим, дегеле токтободум, акыркы жарым жылда, Азиядан Америкага, Америкадан кайта Азияга барып, ушинтип тегерендим, сурап атышат “кандай, республика эмне болуп жатат” дегенде айттым “республикада жаманбы-жакшыбы демократия жылып жатат” деп, биз дагы-дагы чарчабай иштешибиз керек деп, биздин баарыбыздын күчүбүз бар, акылыбыз бар, иштешибиз керек”, – деди Роза Отунбаева.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 36 = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: