Menu

“Реал Мадрид” 4-жолу клубдар арасындагы дүйнө чемпиону болду

Бөлүшүү:

23-декабрга караган түнү Бириккен Араб Эмирлигинин Абу-Даби шаарында Клубдар арасындагы дүйнө чемпиондугунун финалдык беттеши болду.

“Зайед Спорт Сити” стадионунда өткөн беттеште испаниялык “Реал Мадрид” менен талаа ээлери “Аль-Айн” клубу кез келип, “Реал Мадрид 86-мүнөттө талаа ээлеринин оюнчусу Цукаса Сиотани оюн айырмачылыгын 1 голго кыскартканы менен, Яхья Надердин кошумча убакыттагы автоголу мадриддик команданы 4:1 эсебинде жеңишке жеткирди.

Ошентип, “Реал Мадрид” өз тарыхында 4-жолу клубдар арасында чемпион аталып рекорд койду. Испан клубу буга чейин мелдешти 2014, 2016- жана 2017-жылы жеңип алган. Мадриддиктердин жарым коргоочусу Тони Кроос 5-жолу аталган мелдештин чемпиону аталып, оюнчулардын арасындагы рекордду жаңылады. Ал “Реалдын” катарында 4 жолу, германиялык “Бавария” клубунун катарында 1 жолу жеңүүчү болгон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: