Menu

КСДПчы депутат Элвира Сурабалдиева аны президенттин өкүлү Курманбек Дыйканбаев коркутуп жатканын билдирди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 23-декабрда КСДПчы депутат Элвира Сурабалдиева аны президенттин КР Жогорку Кеңешиндеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев коркутуп жатканын өзүнүн Твиттердеги баракчасына жазып чыкты. Сурабалдиеванын айтымында, Курманбек Дыйканбаев депутаттан “Росинбанк” менен “Кыял” ишканасындагы мыйзам бузуулар боюнча  маселени парламентте көтөрбөөнү талап кылган.

Акыркы учурда “Росинбанк” алган насыяларын төлөй албай калганы үчүн Улуттук банк анын 73% үлүшүн өзүнө өткөрүп алгандыгынын мыйзамдуулугу боюнча парламентте талаш-тартыштар чыккан. Ошондой эле “Кыял” мамлекеттик ишканасын базарга айлантып жибергендер, базарчылар төлөгөн ижара акысын бир нече эсе аз жазып көрсөтүп жаткандыгы боюнча жана башка чуулар көтөрүлгөн. Сурабалдиеванын айтуусу боюнча бул ишканалардын артында жогорку мамлекеттик кызматтагы “төшү түктүү” тыңчыкмалар турушу мүмкүн. Алар Курманбек Дыйканбаев аркылуу бул мыйзамсыздыктарды президентке жеткирбөө аракетин көрүп жатышат.

Бул айыптоолор ачыкка чыккандан кийин президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев журналисттерге “Мен депутат Сурабалдиеваны коркуткан эмесмин, жөн гана эскертип койгомун” деп актанып чыкты.

Ал эми Элвира Сурабалдиева Курманбек Дыйканбаев ага үнүн көтөрүп “сени проблемалар күтүп турат, бир айдан кийин билесиң!” деп коркутканда алардын жанында депутаттар Жанар Акаев менен Айсулуу Мамашевалар да турганын жана алар бул окуя боюнча күбө боло алат деп Твиттердеги баракчасына дагы жазды.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 + = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: