Menu

Жалал-Абаддагы нефти уурулуктун бети ачылды

Бөлүшүү:

2018-жылдын 8-ноябрь күнү саат 22:50 чамасында, Сузак районунун Сузак айыл Өкмөтүнүн Камыш-Башы айылында жайгашкан Көк-Арт сайынын жээгинен Кочкор-Ата шаарындагы “Кыргызнефтегаз” ААКнан, Жалал-Абад шаарындагы “Петрофакт” ишканасына баруучу жердин асты менен өткөн трубаны белгисиз эки кылмышкер, чийки нефти өткөн трубаны тешип, атайын шланга улап өздөрү менен бирге айдап барган “Хундай-Портер” үлгүсүндөгү автоунасынын кузовуна атайын колдо жасалып орнотулган болжол менен 1,5 тонна көлөмдөгү темир цистернага 500 литрдей нефтини куюп жаткан жеринен “Кыргызнефтегаз” ААКнын 4 кызматкери нефти өткөн трубаны текшерип жүрүшүп көрүп калышканда, эки кылмышкер “Хундай-Портер” үлгүсүндөгү мамлекеттик белгиси автоунаасын окуя болгон жерге таштап издерин жашырып качып кетишкен. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Окуя болгон жерге Сузак РИИБнүн тергөө-ыкчам тобу барып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, «Хундай-Портер» үлгүсүндөгү автоунаасы Сузак РИИБнүн короосуна үстүндөгү атайын орнотулган темир цистернасы жана шлангалары менен алынып келинген.

Аталган факт боюнча 10-ноябрь күнү Сузак РИИБнүн Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнин 164-беренесини (уурулук) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн оперативдүү иликтөө иштердин натыйжасында, 22-декабрь күнү кылмышка шектүү катары 1987-ж.т. Сузак районунун Күмүш-Азиз айылынын тургуну Ю.А.А кармалды. Ал калган кылмышка тиешеси бардыгын мойнуна алуу менен тергөө учурунда калган издөөгө алынган шериктерине көрсөтмө берүүдө.
Учурда кылмышка шектүү атуул убактылуу кармоочу жайга киргизилип анын кылмыштуу шериктерин кармоо максатында оперативтүү иш-чаралар уланууда. 

Ал эми буга чейин бул кылмышка тиешеси бар болушу мүмкүн деген айрым бир милиция кызматкерлеринин үстүнөн ИИМдин атайын кызматы иликтөө иштерин жүргүзүп келген жана негиздүү далилдер аныкталган эмес.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: