Menu

Өкмөткө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Гуламжан Анарбаевге: “Ар бир банктык эсепти билүү аракетиңиз менен эмнени көздөдүңүз эле?”

Бөлүшүү:

Өкмөткө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Гуламжан Анарбаев сабатсыздыгын көрсөтүп, мамлекетке залакасын тийгизүүдө. Айтсак, аталган кызмат коммерциялык банктардан мүлк сактаган кардарлардын маалыматын берүүнү талап кылган каты интернетке жарыяланып кетти. Бул эмне деген шермендечилик? Булар банктарды чүлүктөп, кардардын ар бир тыйынын элге жайып олтурса бирөө бизге ишенеби? Бизге инвестор, ишкер деген келеби? Кызыгы, «Неметкен» кыз отурган кыздын бетин тытат» дегендей Гуламжан Анарбаев кат туура эмес жазылганын айтпастан, катты жайылткандарды жазалоо үчүн УКМКга кайрылыптыр. Анын жөө жомогуна ишенсек, «Террордук ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүүгө» багытталган имиш. Анарбаевдин акылсыз аракетине Кыргыз жериндеги банктардын бирикмеси, Экономика министрлиги жана Жогорку Кеңештин айрым депутаттары каршы чыкты.

—Гуламжан  мырза, ойлонулбаган кадамдар менен мыйзамга каршы аракетке барып, банктарды «кысымга» алганыңыз билимиңиздин тайыздыгынан келип чыккан жокпу? Ар бир банктык эсепти билүү аракетиңиз менен эмнени көздөдүңүз эле? Бул кадамыңыз менен биздин өлкөгө келе турган инвестордун, жеке ишкерлердин баарын качырганыңызды мойнуңузга аласызбы? Бүт өлкөнүн аброюн төккөнүңүздү билип, кызматтан тез арада кетип калбайсызбы?

Камчы Кадыров

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: