Астананын жаштар маслихатынын жетинчи чакырылышынын депутаты, модель Динагүл Тасова анын Fashion Night Astana саркеч көргөзмөсүндө кийген ачык кийими үчүн ур-токмокко алынгандыгын билдирди. Бул тууралуу ал Инстаграм социалдык тармагындагы баракчасында жазып чыкты.
Анын айтымында, көргөзмөдөн кийин ал кескин терс сынга алынып, анын инстаграм аккаунту өчүрүлгөн. Андан сырткары, моделге анын «жакын адамы» кол көтөргөн.
«Физикалык жарааттарды анын менин жан дүйнөмө карата жасаган соккулары менен салыштыруу мүмүкүн эмес. Мен бул жөнүндө унчукпай койгонум болбойт деп чечтим! Алсыз, өзүн коргой албагандарга эч ким кол көтөрбөшү керек», – деп жазган ал.
Динагүл Тасова «Топ модель КМШ-2018» сынагына катышып, финалга чыгып, «Медиамодель» наамын алгандан кийин атактуу болгон.
Fashion Night Astana саркеч көргөзмөсүндө ал Dana Dyusembaeva саркеч үйүнүн көйнөгүн кийип чыккан, анда көйнөктүн алдынан моделдин жылаңач денеси көрүнүп турган. Көргөзмөдөн кийин социалдык тармактардын кодонуучулары кызды кескин сынга алып, аны адепсиздикке айыптаган.
https://www.instagram.com/p/BrvgpFjlbc7/?utm_source=ig_embed
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ