Menu

Милициянын полковнигинин уулу достору менен бир жаранды уурдап барып, ур-токмокко алып акча талап кылган

Бөлүшүү:

23-декабрда болжол менен кечки саат 20:40 чамасында “102” телефон номуруна Бишкектин Бөкөнбаев менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар жаш балага карата күч колдонуп унаага салып кеткендиги жөнүндө коңгуроо түшкөн. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан кабарлашты.

Болжол менен эки сааттан кийин Свердлов районунун ИИБне 23-жаштагы Бишкектин жараны кайрылып, аны ошол күнү саат 19:30 чамасында Бөкөнбаев менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде 20-25 жаштардагы Аманбек аттуу жигит эки  белгисиз досу менен күч колдонуп Subaru Imprezo  үлгүсүндөгү унаага салып кеткенин билдирген. Андан ары алар жабырлануучуну Орто-Сай  айылы тарапка алып барып ур-токмокко алып, акча талап кылышкан.

Окуя болгон жерге Свердлов районунун ИИБнин оперативдик-тергөө тобу барган. Алдына ала жүргүзгөн иликтөөлөнүн натыйжасында  төмөнкүлөр аныкталган: жабырлануучунун айтымында, 2018-жылдын жайында Аманбек аттуу жигит ага 2000 доллар өлчөмдөгү каражат карызга берген. Өз кезегинде жабырлануучу ага карызды өз убагында кайтарып берген. Бирок Аманбек кошумча 1000 доллар талап кылган.

23-декабрда Аманбек жабырлануучуга чалып, сүйлөшчү жадайлар бар экенин айтып, жолугушууга чакырган.  Сүйлөшүлгөн жерге Аманбек менен бирге анын эки досу келип, жабырлануучуга күч колдонуп, унаага салып  Орто-Сай айылынын аймагындагы киши жок жерге алып барышкан.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында Свердлов районунун ИИБнин кызматкерлери кылмышка шектүү деп 21 жаштагы М.Аны жана 22 жаштагы С.А менен М.Сны кармашкан. Алардын баардыгы Бишкектин тургундары болгон.

Аталган факты боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Чогулган материалдардын негизинде ИИБ тергөө кызматы КР кылмыш-жаза кодексинин «адам уурдоо» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Азыркы учурда Свердлов районунун ИИБнин кызматкерлери тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

Шектүү 21-жаштагы Аманбек милициянын полковниги, мурун Жалал-Абад облусунун ИИБнин жетекчиси Акылбек Мамасеитовдун уулу болгон. Азыркы учурда ал ИИМдин кадрлар кызматынын кезегинде турат. Алды ала маалыматтарга караганда, дал Аманбек жолугушуунун уюштуруучусу болгон.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: