Ташкентте ири Wi-Fi операторунун ачылыш аземи өттү. Ал SОLА брендинин алдында иш алып барат. Долбоорду Аsia Wireless Group компаниясы ишке ашырууда.
Долбоордун авторлору Ташкент ылдам интернетке ээ Борбор Азиядагы алгачкы шаар болорун белгилешүүдө. Учурда Өзбекстандын борборунда 1200 Wi-Fi түйүнү бар, жазга чейин алардын санын 5000ге чейин жеткирүү пландалууда.
SОLА системасы бекер жана акылуу кызмат көрсөтөт. Wi-Fiга бекер ээ болуу үчүн алгач рекламалык роликти көрүү керек. Акылуу тарифтер чектөөсүз трафик менен иштейт жана ылдамдыгы жогору болот. Абоненттер бир саатка, бир күнгө, бир жумага же бир айга акы төлөп каттала алышат. Компания жакында Өзбекстандын туристтик шаарларына, анын ичинде Жизак, Самарканд, Фергана, Анжиян, Наманган, Бухара, Навои, Ургенч жана Каршиде Wi-Fi түйүндөрүн орнотууну пландоодо.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ