Menu

Дүйнөдөгү эң семиз бала ашыкча салмак менен коштошту

Бөлүшүү:

Дүйнөдөгү эң семиз бала эки эсе ашыкча салмактан арылганга жетишти. Ал учурда өзүн жакшы сезип жаткандыгын жана атактуу футболчу болгусу келерин «Daily Mail» агенттигине билдирди. Арья Пермана аттуу бала 98 килограмм ашыкча салмак менен кош айтышты.

Учурда Арья маанайы көтөрүлүп, күнүгө достору менен ойноп жана беш километр жөө басып жаткандыгын айтат. Анын ата-энеси атайын диетага отургузган. Мисалга, таттуу такыр жегизбей жана газдалган суу ичирбей. 12 жаштагы Арья мотоцикл айдаганды да үйрөнүп алууга жетишкен. Эскерте кетсек, өзүнүн 10 жашында Арья Пермана 200 килограмм салмакты түзгөн. 2016-жылы окуу жылдын башталышында болгону 5 килограмм таштагандыгы айтылат. Анын салмак кошуу маселеси кичинекейинен эле башталган.

Учурда, Арья өзүн жакшы сезип, достору менен чогуу окууга барат жана келечекте мыкты футболчу болгусу келет.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: