Menu

Роза Отунбаева президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасап, абактагы Өмүрбек Текебаевге ырайым кылууну суранды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 25-декабрда Роза Отунбаева КР Президенти Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасап, 1 млн доллар пара алды деп 8 жылга кесилип,  абакта камалып жаткан Өмүрбек Текебаевге ырайым жасап абактан бошотууну суранды. Бул тууралу “Роза Отунбаеванын демилгелери” фонду билдирүү таратты.

Ал кайрылуусунда Роза Отунбаева бул демилгеге КР Жогорку Кеңешинин фракция лидерлери да кошулуп колдоосун суранган.

22-декабрда “Дасмия” ресторанында өткөн Өмүрбек Текебаевдин туулган күнүн белгилөө учурунда парламенттин фракция лидерлери да чакырылып, тойдун демөөрчүсү Болот Шер “Алтыке.., Алтыке..” деп айланып калганда эле атамекенчилер Жогорку Кеңештин фракция лидерлерин кайсы бир саясый комбинацияга пайдаланууга камынып жатышканы сезилген болучу.

Отунбаева өзүнүн президентке кайрылуусунда абакта жаткан айыпкерге мунапыс берүү үчүн айыпкердин өзүнүн президентке ырайым сурап жазган арызы болуш керек деген норма мыйзамда каралбаганын айткан. Эгер президент кааласа депутаттардын суранычы боюнча өтө коркунучтуу кылмыштарды жасаган күнөкөөргө деле ырайым бере алат деп ишендирет Отунбаева.

Өмүрбек Текебаевди ак жеринен соттоп жиберүү – бул Алмаз Атамбаевдин президенттик бийлигинин “жууса кеткис тагы”, бетпактыгы болуп калат деп эсептейт Отунбаева.

Эсиңиздерге сала кетсек, Атамбаевдик режим саясатчы Өмүрбек Текебаевди өз бийлигин чыңдоого аябай пайдаланып, бирок “эшеги ылайдан өткөндөн кийин”, былтыр, 2017-жылдын 26-февралында коррупция беренеси менен камакка алып, орус ишкерлеринен 1 млн доллар пара алды деген айып менен кийин сотто 8 жылга кесип жиберген.

Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков 19-декабрда берген маалымат жыйынында “Текебаевдин иши райондук, шаардык жана Жогорку Соттук – үч тепкичтен тең өтүп, үч тепкичте тең күнөөлүү деп табылгандыктан мен аны жөн эле чыгарып жибере албайм, эгер ырайым берүү тууралу арыз жазса бошотом” деп билдирген.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: