Menu

Алтынбек Максүтов, режиссер: “Чыңгыз Айтматовдун ролун аткарбайм деп…”

Бөлүшүү:

Өткөн жумада Кыргызстан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын масштабдуу түрдө белгиледи. Токтогул Сатылгаов атындагы Филармонияда президенттин катышуусунда чоң салтанат өттү. Мына ушул салтанатта спектакль коюлган. Жылуу пикирлерди жараткан спектаклде Айтматовдун ролун белгилүү режиссёр Алтынбек Максүтов ойноду. Болгондо да гримди ушунчалык келиштиргендиктен Айтматов тирилип келгендей катуу таасирлендик. Бүгүн Алтынбек Аскарович менен болгон маекте кепти дал ушул спектаклден баштадык.

-Алтынбек Аскарович, жакында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгында жазуучунун ролун өзүнүз ойнодуңуз. Ролго эч кимди таппай койдуңуздарбы?

—Ал күндөгү иш-чаранын режиссёру өзүм болчумун. Андыктан бир адамды таап даярдашыбыз керек эле. Айтматовдун образын ачып бере турган актёр таппай абдан убара болдук. Аягында Филармониянын жетекчиси Кыргызбай Осмонов кабинетке келип калды. Мен залкар жазуучунун сүрөтүн илип койгон элем. Ал киши мага « Айтматовдун ролун өзүң ойнобойсуңбу» дегенинен коюңузчу, өзүм режиссёр болсом анан роль аткармак белем деп көнбөй койгом. Акыры убакыт аз калгандыктан көнүп, аткарууга туура келди.

—Грим абдан окшошуп калыптыр…

—Анда дагы бир сыйра кыйналдык. Улам бетиме грим коюшса эле окшошпой калат. Аягында Айтматовдун Москвадагы эстелигин жасаган баланы таап, чакырдык. Ал келип эле мурдумду чачымды бир калыпка салып берди. Дароо эле окшошуп калды. Бир жагынан даярданабыз, экинчи жагынан өзүм режиссёрмун. Чынын айтсам иш-чара өтүп кеткенче аябай кооптонуп, кандай болуп кетет деп турдук. Мурда кийин жазылган ырлардын баарын жаратпай, жаңы ырларды жаздырдык. Филармониянын артисттери менен биргеликте жакшы иш-чара өткөрүп алдык. Артисттерге эмне, кол чапса эле кубанып жүрө беребиз да. Эл абдан кол чаап, көпкө чейин кетирбей турушту. Ушуга эле ыраазы болуп калдык. Негизи концерт башталып сахна ачылганда мен капталдап чыгам. Ошондо эле көрүүчүлөр катуу кол чапканда «Өх, буюрса
жаман болбойт экен»-деп ойлонгом.

—Өлкө башчысы кандай пикирин айтты?

—Абдан ыраазы болуптур. Резиденцияда өткөн конференцияга мен катышпай калдым. Бирок жетекчибиз барып келди. Ошол жерден «Филармониядагылар азамат, өтө окшоштуруп, сонун жасашыптыр»-дептир. Угуп алып ыраазы болуп калдык. Күнү-түнү эмгектенген мээнетибиз текке кетпей, эл-журтка жакты.

—Кино тартуу жагын таштап салган жоксузбу?

—Жок, режиссордун кино тартпай калуусу бул трагедия болот. Мен атайын «Макал арт» студиябыз менен биргеликте жыл сайын 5 кыска метраждуу тасма тартып жатабыз. Планыбызда 100 кино бар. Ар бир кинонун аягында кыргыздын мыкты макалдарын кошуп айтабыз. Бул кинолор келечекте мектептерде да окутулат. Ошого ылайыктап, беш-он минуттан убакыт алчудай тартуудабыз. Он минут кино көрүшсө, андан кийин талкуулап, сабакты уланта беришет. Көчмөндөр оюнун да өзүбүз үчүн фильм кылып тартып койдук. Азыр бизге билинбегени менен арабызда залкарлар жүрөт. Көзү өткөн соң же балким көп жылдан кийин кадрлар сөзсүз керек болот. Биз бул учурду пайдаланып, маданиятка аты сиңген адамдардын элесин камерага көбүрөөк тартып калуунун аракетин көрүп жатаоыз.

—Байкасаңыз керек, учурда балдарга арналган анимация, мультфильм таптакыр тартылбай калды. Бул жаатта да пландап жатасыздарбы?

—Туура, балдарыбыз казактын телеканалдарын көрүп, сөздөрүн сүйлөп калгандыгын кантип жашырабыз. Бул жаатта жалгыз биздин алыбыз эч нерсеге жетпейт. Өкмөт көңүл буруп, анимацияларды, балдарды тарбиялай ала турган, балапан балдарды мекенди сүйүүгө, ата-энени сыйлай турган кылып өстүрүүчү мультфильмдерди тарттырса сонун болмок. Ушул жаатта эмгектене ала турган балдарыбыз толтура. Таланты бар, акчасы колдоосу жок эле жүрүшөт. Балдардын баары орусча атышкан, мушташкан мультфильмдерди көрүп, орусча сүйлөп калышканын ким жашырсын. Тилибиздин маселеси деле кыйын болуп жатпайбы. Мен дагы балдарым орус тилин билсин деп орус мектепке бергем. Карасам таптакыр эле орусташып баратышат, өз тилин унутуп… Апасы экөөбүз кеңешип дароо кыргыз мектепке которуп, өзүм шаардын четиндеги айылдардын бирине көчүп кеттим.

—Министрликтен түшкөндөн бери башка министрлердин жасаган иштеринен кемчилик издеп жатасызбы?

—Ошол кызматты тапшырып берген күндүн эртеси эле мен маданият министрине жардам бере баштагам. Өзүм башымдан өткөргөнчө «ушуну жөн эле жасап коюшпайбы, министр таптакыр иштебейт»-дегендердин сап башында болчумун. Бүгүн ал сөздү айтпайм. Анткени бюджети аз министрликтин абалын, иштөө канчалык татаал, оор экендигин мен эң жакшы билем. Сындап, карап олтургандан көрө иштеп жардам берсең ошондо гана жетишкендик болот. Буга чейинкилерге да жардам берчүмүн, азыр да кеп кеңешимди аябайм.

—Быйыл иш-чаралар абдан көп болду, жаңы жылды кайдан тососуз?

—Жылды буюрса, үй-бүлөм менен тосом. 2018-жыл жакшы жыл болду. Эми он күндөй эч ким менен жолукпай, тоого чыгыппы же үйдө балдардын маңдайында болуппу эс алам деп пландап жүрөм. Андан кийин ишке чыгабыз. Мамлекеттик деңгээлдеги чоң иш-чаралар өтөт. Ага да даярдануубуз керек.

Маектешкен: Сезим Мураталиева

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: