Menu

Кыргыз министри менен Жапониянын элчиси Кыргызстанда жапан унаа чогултуучу заводун куруу маселесин талкуулады

Бөлүшүү:

20-декабрда Кыргыз Республикасынын экономика министри Олег Панкратов Жапониянын элчиси Ёсихоро Ямамура менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Тараптар экономикалык кызматташууну кеңейтүү,  кош салык салуудан кутулуу жана киреше менен капиталга салык төлөөнү токтотуу, инвестицияларды коргоо тууралуу өкмөттөр аралык келишим түзүү, ошондой эле республиканын аймагында автоунаа чогултуучу ишкана ачуу мүмүкүндүгү жөнүндө маселелерди талкуулашты.

Экономика министри жапон өкмөтүнүн өкүлдөрүнө «Бир айыл – бир продукт» долбоорун ишке ашырууда көрсөткөн жардамы үчүн жана сүт продукциясынын коопсуздугун көзөмөлдөөдө, ошондой мамлекеттик долбоорлорду иштеп чыгуудагы көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде жапон дипломаты «Бир айыл – бир продукт» долбоорунун аймагын кеңейтүү пландалып жатканын айтып берди.

Расмй маалыматтарга караганда, Жапония менен Кыргызстандын ортосундагы товар алмашуусу 2018-жылдын 10 ай ичинде 44 миллион долларды түзгөн. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге көп.

Жапониядан  Кыргызстанга кирген импорт 43,6 миллион долларды түзгөн, ал эми Кыргызстандан экспорттолгон соода алмашуу болгону 400 миң долларга жеткен.

Кичине көлөмдөрдө бал, май өсүмдүктөрүнүн уруктары, килем буюмдары, даяр текстиль продукциясы жана авиациялык күйүүчү май экспорттолгон. Жапониядан келген экспорттук продукциянын негизин автоунаалар, өндүрүш жабдуулары, автоунаа шиналары, кара металл жасалгалары жана электрондук аппаратура түзгөн.

Булак:KyrgyzToday    

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − 38 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: