Menu

Кара-Балтада соттун чечиминен кийин өзбек жараны уу ичүүгө аракет кылган

Бөлүшүү:

Жайыл райондук соту Өзбекстандын Алишер Асатуллаев аттуу жаранын өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алгандан кийин ал өз жанын кыюуга аракет кылган.

Маалыматка караганда, Асатуллаев өкүм чыккандан кийин желим баштыкка түйүлгөн уулуу затты ичүүгө аракет кылган. Бирок залдагы милиция кызматкерлери аны токтотуп калууга жетишишкен.

Сотто Асатуллаев Кыргызстандын аймагында узак убакыттан бери документсиз жашап жүргөнү айтылып, аны өлкөдөн чыгаруу чечими кабыл алынган.

Ал эки баласын жалгыз тарбиялап жатканын жана аларды Өзбекстанга ала кетүүгө шарты жок экенин билдирүүдө.

Асатуллаевдин тарапташтарынын айтымдарында, ал эки жылдан бери Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаты Ольга Архипова менен батир талашып соттошуп келет.

«Ал көп жылдан бери ээси жок делген батирде эки баласы менен жашап келет. Бирок жергиликтүү кеңештин депутаты Ольга Архипова Жогорку сот аркылуу ал турак жайга ээлик кылуу укугун алган. Кийинчерээк депутатка карата 2006-жылы каза болгон батир ээсинин тилкатын жасалмалагандыгы үчүн кылмыш иши козголгон. Жакында анын соту болот. Соттун алдында ал Асатуллаевден кутулууга аракет кылууда», — деп билдиришти алар.

Асатуллаев тарапташтары менен бирге райондук соттун чечими боюнча Чүй облустук сотуна даттанууга ниеттенүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: