Menu

Кытайда автобус айдап качкан адам жөө кишилерди тебелетип кетти

Бөлүшүү:

25-декабрда Кытайдын Лунъянь шаарында автобусту айдап качкан адам көчөдөгү жөө кишилерди тебелетип кетти. Жыйынтыгында беш адам мерт болуп, дагы 20сы жаракат алды.

Жергиликтүү полиция окуя болгон жерден бычак менен куралданган эркек киши кармалып, учурда тергөө иштери башталганын кабарлады. Азырынча анын мындай кадамга эмне себептен барганы белгисиз.

Буга окшогон кол салуу быйыл апрелде Канадада болгон. Анда Торонто шаарында автоунаачан адам жөө адамдарды сүзүп, 10 киши мерт болгон.

Ага чейин жүк унаасы менен адамдарды тебелетип кеткен учурлар дүйнөнүн бир катар шаарларында да болгон:

  • июль 2016 – Ницца (86 киши мерт болгон),
  • декабрь 2016 – Берлин  (12 киши),
  • январь 2017 –  Иерусалим (5 киши),
  • апрель 2017 – Стокгольм  (4 киши),
  • март 2017 – Лондон  (Вестминстер көпүрөсүндөгү чабуулдан 5 киши каза болгон),
  • июнь 2017 –Лондон (8 киши),
  • август 2017 – Барселона (13 киши),
  • ноябрь 2017 – Нью-Йорк (8 киши).

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − 62 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: